Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Казакстан: шахтадагы кырсык боюнча комиссия түзүлдү


Карагандыдагы шахталардын бири. (Иллюстрациялык сүрөт)
Карагандыдагы шахталардын бири. (Иллюстрациялык сүрөт)

Казакстандын Караганды облусунун Абай шаарындагы көмүр шахтасында 7-ноябрда болгон кырсыкты иликтөө үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин жекшембиде журналисттерге айтты. Ал шахтада таңкы саат 8:24тө кокусунан метан газы көп өлчөмдө чыга баштаганын, каза тапкан жумушчулар коргонуу каражаттарын колдонууга үлгүрбөй калганын кошумчалады.

Шахтаны иштеткен «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы кырсыкка газ жана көмүр жарылуусу себеп болгонун маалымдады. Окуя маалында шахтада 64 жумушчу иштеп жаткан. Алардын 56сы жер алдынан качып чыгууга үлгүргөн.

"Абай" көмүр кенинде 2008-жылы да ушуга окшош кырсык катталган. Анда метан газы жарылып, 30 кишинин өмүрү кыйылган.

Мурдагы cоветтик республикалардагы шахталарда бул сыяктуу кырсыктар тез-тез катталып турат. Адистер буга инфраструктуранын эскиргени жана коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп экенин белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG