Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Казакстанда шахтадагы кырсыкта алты киши каза болду


Казакстандын Караганды облусундагы шахталардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандын Караганды облусундагы шахталардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Караганды облусунун Абай шаарындагы шахтадагы кырсыкта алты киши каза болуп, экөө оор абалда ооруканага түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-ноябрда таңкы саат 8:00 чамасы шахтадагылар газга ууланып калышкан.

Кырсык болгон учурда шахтада 64 адам болгон, алардын 56сы сыртка эвакуацияланган. Бийлик куткаруу иштери уланып жатканын кабарлады. Окуянын себеби иликтенүүдө. Атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү.

2008-жылы да “АрселорМиттал Темиртау” компаниясынын так ушул “Абай” шахтасындагы кырсык 30 адамдын өмүрүн алган. Алардын көпчүлүгүнүн сөөгү табылбай калган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG