Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Орусиядагы тажик мигранттары 1,5 миллиондон ашты


Орусияга кетүүнү каалаган тажиктер. Дүйшөмбү аэропорту, 2021-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 1-7-ноябрь, 2021-жыл.

"Борбор Азиядагы морт демократия"

3-ноябрда Германиянын Deutsche welle маалымат каражатында чыккан материал ушинтип аталат.

“Чыгышта - Кытай, түндүктө - Орусия, түштүктө - Ооганстан: Кыргызстан мындай геосаясий жагдайда демократиялык коом куруу аракетин көрүүдө. Бул сапарды өлкө үчүн оңой деп атоого болбойт”. Марсел Фюрстен өз репортажын ушундай сөздөр менен баштаган.

Автор өлкөнүн жаратылышынын кооздугуна суктанып, аппак кар баскан тоо-аскаларды, көз жоосун алган түстүү өрөөндөрдү, чети көрүнбөгөн талааларды сүрөттөйт. Буга контраст болуп шаарларда кейпи кеткен эски советтик көп кабаттуу үйлөр менен шифер жабылган жалпак тамдар заманбап имараттарга катарлаш орун алганын жазат.

Журналист экономикалык абалга токтолуп, бир жарым миллиондой киши Орусия менен Казакстанда мигрант болуп жүргөнүн баяндайт.

Борбор Азиядагы көпчүлүк өлкөлөрдүн экономикалык абалы дээрлик бирдей болгону менен, саясий жактан Кыргызстан кошуналарынан айырмаланат деген пикирин ортого салган. Ал жергиликтүү бир нече эксперттердин ойлоруна орун берген.

Алардын бири, International Alert бейөкмөт уюмунун өкүлү Шакират Токтосунова Ооганстанда "Талибандын"(Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке келиши Кыргызстанда экстремисттик көз караштын өсүшүнө алып келиши мүмкүн деп чочулагандар аз эмес экенин айткан. Эксперт радикалдашуу коркунучуна карабай, өлкө секулярдык мамлекет бойдон калат деп кошумчалаган.

Андан ары макалада демократиялык коом куруудагы кыйынчылыктар, тоскоолдуктар тууралуу баяндалат. Бул жерде автор "Сорос" фондунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн аткаруучу директору Шамил Ибрагимовду сөзгө тарткан.

"Кошуналардан айырмаланып, бизде демократиялык коом түптөөнүн пайдубалы бар. Бирок сезилерлик алга жылуу байкалбайт, өкмөт элден коркот, эл өкмөттү урматтабайт", - деп ой бөлүшкөн ал.

Эксперт андан ары Орусиянын региондогу таасири, Путиндин жогорку аброю, орус телеканалдарынын популярдуулугу, советтик доорду эңсегендер өзгөчө улуу муун арасында көп экенин кеп кылат.

Орусияда 1 миллион 600 миң тажик мигранты эмгектенет

Eurasianet Орусиядагы тажик мигранттарынын саны рекорддук санга жеткенин баяндайт. 2-ноябрда жарыяланган макалада Камила Ибрагимова акыркы стастикага таянып, ушу тапта орус жергесинде 1,6 миллион тажик жараны иштеп жүргөнүн жазат. Журналист адистер болжолдоп келген бул сан мурда эч качан ачык айтылбаганын белгилейт.

Орусиядагы эмгек мигранттары 2019-жылы Тажикстанга салган каражат 2,6 миллиард доллардан ашкан экен. Бул – өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 28% барабар.

Орус Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын башынан сентябрь айына чейин 2 миллион 25 миң тажик жараны Орусияга кирген. Алардын 1,5 миллиондон ашууну иштөө үчүн келгенин айткан. Ошол эле аралыкта 70 миңдей тажик орус жарандыгын алды. Автор бул жагынан Өзбекстан биринчи орунда турганын, ал өлкөдөн 3,3 миллион киши орус жергесине жөнөгөнүн, ошол эле маалда Өзбекстандын калкы Тажикстанга караганда алда канча көп экенин эске салат.

Журналист чыныгы сандардын буга чейин жаап-жашырылышы Орусия менен Тажикстандын бийликтерине ыңгайлуу болгону, тараптар экономикалары миграцияга ушунчалык көз каранды деп ачык айтууну каалабаганы тууралуу ою менен бөлүшөт.

Муну менен катар макалада Орусия мекениндеги жумушсуздуктан, паракорлуктан тажаган тажик эмгек мигранттарынын жалгыз багыты эмес деп айтылат.

"Мисалы, акыркы жылдары АКШнын грин-картасын утуп алууга аракеттенгендер көбөйдү", - деп улантат журналист. Ал өткөн айда жасалган сурамжылоого шилтеме берип респонденттердин 53% “АКШга көчүп кетүүнү каалайсыңарбы?” деген суроого “Ооба” деп жооп беришкенин жазган.

"Вакцинадан кара тумоодон качкандай качышат"

Дүйнөнүн ар тарабында коронавирустан эмделүүдөн чочулагандар, вакцинаны ачыктан ачык четке каккандар же башкаларды эмделбөөгө чакырган адамдар аз эмес. Франциялык Le Monde гезити Камерундагы абалга кайрылып, жергиликтүү эл вакцинадан “кара тумоодон качкандай качышарын” баяндаган. Учурда ал жакта 27 миллион калктын 1,1% гана эмделиптир. Басылманын кабарчысы кепке тарткан камерундуктардын кээ бирлери социалдык тармактарда препаратты сайдыргандан кийин киши өлүп же майып болуп калат, вакцина тукумсуз кылат, ички органдарды жырып салат же шишитет деген өңдүү түрдүү айың кептер тараганын айтышат.

COVID-19дан Африкадагы бул мамлекетте расмий маалыматка караганда 1 686 киши өлдү, инфекцияны жугузуп алгандар 103 миңге жакындады.

Макалада бийликтин үгүт иштерине карабай, эмделүүнү каалагандар аз экени айтылат. Авторду вакцина тууралуу уламыштарга калктын билимдүү делген катмары ишенери таңкалдырат.

Мисалы, жергиликтүү базарларда вакцина жөнүндө сөз козгосоң эле, айланаңа эмдөөгө каршы чыккандар же антиваксерлер толуп калып, кызуу талкууга айланат.

"СПИД же безгек өңдүү башка оорулар канчалаган адамдардын өмүрүн алып жатканы менен, "актар" вакцинаны эмне үчүн ойлоп таба элек" деген суроону көп укса болот", - деп улантат автор.

Дагы бирөөлөр жалпы эле коронавирус эпидемиясы – жалган экенине ишенишет.

Дарыгерлер калың эл маалыматты социалдык түйүндөрдөн алышарын же болбосо айрым адистер карама-каршылыктуу маалыматтарды өздөрү таратканы өкүнүчтүү экенин айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG