Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Иракта премьер-министрге кол салуу аракети болду


Мустафа ал-Казими
Мустафа ал-Казими

Иракта премьер-министр Мустафа ал-Казимиге кол салуу аракети болду. Премьер-министрдин кеңсеси билдирүү жасап, 7-ноябрдын таңында ал-Казиминин Багдаддагы резиденциясына жардыргыч заты бар дрон чабуул жасаганын билдирди. Резиденцияга ракета да атылган.

Жардыруудан премьер-министрдин коопсуздук кызматкерлери жабыркашты. Өзү жаракат алган эмес. Ал-Казими мамлекеттик телеканал аркылуу элди тынчтанууга чакырды.

Чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бул окуя иранчыл саясий күчтөрдүн өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары уюштурулган учурга туш келди. Шайлоодо жеңилип калган ФАТХ кыймылынын тарапкерлеринин демонстрациясы бир нече аптадан бери уланууда. Алар шайлоо бурмаланган деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG