Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Корбашыны колго түшүргөн Булатов


Басмачыларга каршы турган советтик ыктыярчылар тобу. 1920-жылдар. Орто Азия. Иллюстрациялык сүрөт.
Басмачыларга каршы турган советтик ыктыярчылар тобу. 1920-жылдар. Орто Азия. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз окурмандары Омор Султановду залкар акын деп билишет. А бирок анын мыкты прозалык чыгармалары деле бир топ. Кыргыз аңгемесинин классикасынан анын белгилүү чекист Хасан Булатов тууралуу баянын сунуш кылсакпы деп турабыз.

Жаш кызматкер

Хасан Булатов геолог болгусу келчү. Бирок аны Москвада рабфакта окуп жүргөн жеринен ГПУнун мектебине жөнөтүшкөн. Ошону менен анын басмачыларга каршы күрөшү башталган. Кийин Кытайдын Шиңжаңына өтүп, коопсуздук кызматынын бир топ тапшырмаларын аткарган. 30-жылдардагы репрессиядан чет жерде жүргөндүгүнөн аман калган.

Омор Султановдун “Паңсаттын акыркы күнү” документалдуу аңгемесинде легендарлуу инсандын Гаип паңсатты кантип жок кылгандыгы баяндалган.

Гаип паңсат Кыргызстандын түштүгүндөгү белгилүү корбашылардын бири болгон. Кызылдар менен урушта кысталыш чакта амал таап, из жашырып кеткен куу, каршылашын аябаган канкор, заардуу адам эле. Анын сары изине түшүп куугунтукка алган кезде Хасан Булатов жаш болчу. Так ошол күнү өкмөттүк сыйлыкка көрсөтүлүп, көңүлү куунак үйүндө конок күтүп отурганда шашылыш пакет келди. Анда ишине тезинен келиши жазылган экен.

Москвадагы жумушчу факультетте окуп, анан ГПУнун мектебин бүткөн кезде ал бала эле бойдон экен. Жыйырма жашында окуусун бүтүп, ошондон бери ички иштер кызматында. Жумушунда жетекчиси Гаип паңсат Өзгөндө кызыл аскерлер менен атышып из жашырып кеткенин, аны кайсы жактан күтүүгө болорун сурап калды. Хасан басмачылар Ноокат тарапка оошу мүмкүн экендигин, Ош, Араван, Кара-Суу райондоруна бара алышпасын, жайдак түз жерде топтошкон атчандардын жүрүшү кыйындыгын, ошондон алар тоо аралап Ноокатка өтүшөрүн айтты.

Ноокатта Гаип паңсат Досон корбашы менен Ташмат корбашыга жолугуп, чогуу-чаран аракеттениши мүмкүн. Булар сүйлөшүп турганда белгисиз басмачылар тобу Талдыктын бир фермасын тоноп, беш атын жетелеп, эки койчуну кошо алып кетишкени тууралуу кабар келип түштү. Көп өтпөй басмачылар эки койчуну өлтүрүп кетишкени маалым болду.

“Ал Гаип паңсат жөнүндө биринчи жолу угуп жатса экен?! Хасандын көз алдына Савайда басмачылар тирүүлөй өрттөп өлтүрүшкөн өзү курдуу комсомол жаштар, алиги эч күнөөсүз курман болгон эки чабан, алардын үй-бүлөсү, аялдары, кызыл чиедей балдары жамырай элестеп турду. Өч алуунун толкуну канына дүрбөлөң түшүрө толкуп киргенин сездирбөөгө, сабырдуу, токтоо мүнөз күтүүгө аракет кылды. Ал Гаип паңсатты талкалоо милдетин мага коюңуз деп айтууга жаңы эле оозун эптеп келатканда начальник анын оюн баятан бери окуп койгондой, озунуп мындай деди:

-Гаип паңсаттын бандасын куугундап, жок кылууну сизге тапшырамын. Колесниктин командачылыгы астында бир чек арачылар взводу менен Жакыптын ыктыярдуу отряды сиздин карамагыңызга берилет!

Хасан Булатов Гаип паңсатты колго түшүрүү кыйын экенин билчү. Корбашы 42 жашта. Уруштун ыгын, кантип согушуу керектигин мыкты билген куу душманды колго түшүрүш өтө кыйын. Гаип 14 жылдан бери совет бийлигине каршы күрөшүп, кеңешке жан тарткан, кызмат кылган кишилерди кармап алса ойлонбой өлтүрүп, үй-бүлөсүн кырып, там-ташын өрттөп салчу. Куу паңсат артынан түшкөн куугундун бир да бирөөнө алдырбай, жолун таап оңой-олтоң кутулуп кетчү.

Корбашы

Гаипти кызылдар кармай албайт, колунан келбейт деген кеп тарап, айрым учурларда анын кол алдында 400–500гө чейин басмачы чогулуп калчу. Андайда жакынкы айыл-кыштактарды талап-тоноп, талкалап, баш көтөргөндү өлтүрүп, элдин жүрөгүнүн үшүн алчу. Гаиптин кол алдында түрктөр, кыргыздар, өзбектер топтолуп, алар совет бийлигине коркунуч туудуруп турган. Гаип паңсаттын энеси талгак кезинде үч уулуу жыланды тирүүлөй жутуп койгон экен деген тирукмуш кептер калк арасына тарап, андай сөздөрдүн чыгышына корбашы өзү да кызыкдар болчу.

А бирок 1928-жылы ошол кармалбас делген Гаиптин колу менен кызылдар ортосунда Аравандын тоосунда катуу уруш болуп, корбашы көп жигиттеринен айрылган, кызылдар да жоготууга учурашкан. Уруш кызыл күүгүмгө чейин созулуп, көп жигиттеринен ажырап, өзү катуу жарадар болгон Гаипти ишенимдүү адамдары уруштан алып кетүүгө үлгүрүшкөн. Оор жарадар корбашы жигиттерине Кытайга ооп кетүүнү, ошол жерде жолугууну буйрук кылган. Анын кайсы жерде кантип дарыланганын басмачылар билбей калышкан. Колго түшкөн басмачылардын бири да корбашы кайсы жерде болорун айта алышкан эмес.

Кызылдар менен ГПУнун кызматкерлери түрө кыдырып издеп таба алышпайт. Туулган жери Өзбекстандагы Мархамат кыштагын да тинтишкен, эч кандай шек-шыбоо жок. Көрсө, аны ишенимдүү адамдары аты-жөнүн өзгөртүп, башка справка жасатып, анда паңсатты ыктыярдуу отряддын жарадар болгон кишиси деп Мархамат райондук ооруканага жаткырып коюшкан экен. Паңсаттын сакал-мурутун таза алдырып, жигиттери кызыл аскер кийимдерин кийишип ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер аны операция кылып, эки айдан кийин айыктырышат. Керектүү дары-дармекти алып Гаип паңсат ооруканадан чыгып, дагы бир ай дарыланат да, белгилүү убакта Кытайдагы болжошкон жерге барат.

Эч кимди аябаган канкор адам тоолордун арасында из жашырып кетүүнүн амал-аргасын мыкты билчү. Бул өнөрү аны эчен ирет сактап келди. Мына эми кайрадан Гаип пансат тынч элге бүлүк сала баштаган.

Хасан Булатов жоокерлерин алып Ноокаттын мерчемдүү жеринен басмачылар чыгып калышы мүмкүн деген жерлерге дүрбү салып турду.

“Турнабай салып тикирейип карап отурган Хасандын көзү ат минген оюнчук бала түспөлдөнгөн караанга илине түштү. Ал караан бир аздан кийин бир топ караанга айланды. Жондорунда сороңдоп мылтыктын стволдору араң көзгө илешет. Алардын басмачылар экендигине эч кандай күмөн калган жок.

-Совхоздун түштүгүрөөк тарабын карагылачы, басмачылар!, – деди Хасан жанында турган командирлерге. Алар көздөрүн алакандары менен серепчилей тикирейишип көрсөткөн тарапты карап жатышты. Отряддагылардын ар кими “басмачылар эми эч кайда качып кутула албайт” деп болжоп турушту. Анан кайра бир турнабай салып караган кезде тигилерди жер соруп кеткендей караандары көрүнбөй калды. Булатов өз көзүнө ишенбей жанындагыларды карагылачы деп турнабайын сунду. Бирок эч кимиси эч нерсе көрө алган жок. Демек, же бир жылгага түшүп, же эңкейиш жамынып кеткендиги дайын болду.”

Гаип паңсат жер-жерлерге коюп кеткен жигиттеринен кызылдар жакындап калганын угуп, Көк-Белге бараткан жолунан бурулуп, багытын өзгөртүп кетти. Көк-Белдеги активисттерди өлтүрүп, чарчаган аттарын алмаштырып, анан жол улайын деген эле. Эми анысы болбой калды, басмачылар тоону карай барышып, анан бириндеп, чилче тарап кетишти.

Алардын артынан келген отряд жана эле көрүнгөн басмачылардын житип-житип жок болуп кеткенине таң калып туруп калышты. Хасан Булатовду бир алдын Гаип паңсат кайыптан жалгашканбы, аны кылыч кеспейт, ок өтпөйт, деген чынбы деген арасат ой каптады. Отряддагы айрым жоокерлер Гаип паңсат бул ирет да кутулуп кетти, эми алар чек арадан өтүп кетишет дешсе, башкалары аттары чарчаган басмачылар алыс кете алышпастыгын айтышты. Булатов да ушундай ойдо эле, бирок кайдан издешет? Басмачылар Кыргыз-Ата тоосу аркылуу Алайга өтүшү мүмкүн.

Канабайрам

Гаиптин чалгынчылары кызылдардын кайсы жакка кетишкенин байкап турушат. Алардын көзүн жазгырыш үчүн Хасан Булатов отрядын Көк-Белди карай алып жөнөдү. Бул анын “басмачылардын изинен адашкан” киши болуп көрүнүү аракети болчу.

Айылга киргенден кийин ал жоокерлерин эс алдырып, түн киргенде отряд Кыргыз-Атага карай жолго чыкты. Тыным албай түнү менен жол жүрүп таңга жуук Кыргыз-Атага жетип, Гаиптин куугундан кутулдук го деп беймарал жаткан басмачыларынын жанынан чыгышты. Алар эч каршылык көрсөтпөй дүргүп өйдө көздөй качып беришти. Бул ирет ким Алтын-Бешиктин башына чыгып кетсе ошонуку утук эле.

Гаип паңсат басмачылары менен бийикти ээлешти, өздөрү ары кете алышпайт, бирок бери жактан бара тургандарды жакындатпайт. Отряд кызык абалга туш келди. Хасан Булатов бет алдындагы зооканы карап ойго батып турду:

“Атаганат, чыккан киши болсо тиги зоока ыктуу экен. Эптеп тиги кырга жармашса андан аркысы оңой болор эле. Анан басмачылардын капшытынан кирсе” деп ойлоп, оюн жыйып алгыча болбой Жакып менен Колесник басып келишти. Баятан Хасандын оюн тыңшап тургансып, алар да кызыл зоока аркылуу өтүүгө мүмкүн экендигин айтышты.

-Мага уруксат этиңиз, жолдош командир!, – деди демейде оор басырыктуу Жакып, жашып.

Хасан ага ичинен аябай ыраазы болуп, ичинде толуп турган бугу эмнегедир бөксөрө түшкөнсүдү. Анан жүзүнөн ыраазычылык чачыратып:

-Шашылба, Жакып, - деди ал. – Шашылбайлы. Жакшылап акылдашалы. Көрдүңөр го. Гаип оңой куу түлкү эмес. Бул нечендин ичинен чыккан. Этиеттик керек.

Анан чогуу отуруп акылдашты. Акырында Жакып менен Колесник баштап отряддан беш киши кызыл зоока аркылуу чыкмак болушту. Алар жетип капшыттан күтүлбөгөн сокку уруп, душманды алагды кыла турса, төмөндөн отряддын калган жоокерлери ашууга жармашып чыгып барышат. Анан курчоого алып колго түшүрүшөт.

Кызылдардын амалы ишке ашып, капталдан сокку жеген басмачылар жабылып төмөнгө сүрүлүп, бир тобу кызылдардын огуна кабылып, бирок бул ирет да Гаип паңсат колго түшпөй из жазгырып кетти.

Паңсаттын артынан калбай сүрө кууган отряд 1932-жылдын 15-августунда анын жигиттери менен жашынып жаткан жерине келишти. Качканы да, кууганы да чарчап алдан тайып калышкан. Гаип паңсат бул ирет да кутулдум деп аман калган жигиттери менен аттарын байлап салып оор уйкуга киришкен экен. Койгон кароолчуларын да уйку басыптыр. Хасан Булатовдун отряды аларды курчап, кыйкырып куралдарын таштап, колун көтөрүп чыгууну буйрушту.

Уйкуга алдырган тигилер кыйкырыкты укпай кыйлага жатышып, анан чукуранып ойгоно башташты. Обочодо турган командирдин куралдарын таштап колго түшүп берүүсүн уккан басмачылар ичкериден ок атышты. Анан туш келди качып беришти. Кууп келгендердин да аяна турганы калган эмес эле.

Жерден чаң көтөрүлүп, кымкуут боло түштү. Бир пастан соң ок жолунда калган мал-жан дебей бардыгы тып-тыйпыл жерде сулап жатты.

“Укмуштуу” баш кесер Гаип паңсаттын акыры ушундай бүттү”, - деп жазат Омор Султанов.

Гаип паңсатты жок кылган Хасан Булатовдун кийинки кызмат жолу Кытайдын Шиңжаны менен байланышкан. Коопсуздук кызматынын ардагери катары ал Бишкекте жашап 1970-жылы каза болгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG