Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Тышкы иштер министрлигинин аталышы кайра өзгөртүлдү


Тышкы иштер министрлигинин сайты.
Тышкы иштер министрлигинин сайты.

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, эми Тышкы иштер министрлиги деп кыскача эле аталат.

Мекеме быйыл октябрга чейин Тышкы иштер министрлиги деп аталып келген. Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгенде "тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр кошулган болчу.

2021-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл болду.

Жыл башында Саламаттык сактоо министрлигине Социалдык өнүктүрүү министрлиги бириктирилип, жаңы Министрлер кабинети куралганда кайрадан бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG