Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстанда бир жылда 950 аталыштагы китеп басылып чыкты


Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу тармагына мониторинг жүргүздү. Статкомдун маалыматына караганда, 2020-жылы 900 миң нуска менен 950 аталыштагы китеп басылып чыкты. Алардын 62% кыргыз тилинде чыккан. 2020-жылы 26 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 67,6 миң нуска менен басып чыгарылган.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер катталган. Акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 14% көбөйгөн. 166 көзкарандысыз телерадиокомпания бар.

Кыргызстанда 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Бул дата кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG