Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Бишкекте 61 айдоочу мас абалында кармалды


Милиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Милиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өткөн аптада Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, бир аптада Бишкекте 4 миң жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. 61 айдоочу мас абалында машине айдап, 47си айдоочулук күбөлүгү жок, 13ү автоунаанын терезелерин караңгылатып айдаганы үчүн кармалды. Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузган 52 учур катталды.

Чүйдө 1633 жолдо жүрүү эрежеси бузулган. 31 айдоочу мас абалында машине айдап, 492 айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, 20 киши документи жок машине айдаганы үчүн кармалган. 54 машине айып корогоо токтотулду.

Ички иштер министрлигинин октябрдын башындагы маалыматында, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

Жол кырсыгынын эң башкы себептеринин бири катары мас абалында машине айдоо экени белгиленип жүрөт.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG