Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Ашхабадда VPN кызматын сунуштагандарга кысым күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөн бийлиги VPN программасын орноткондорго жана Прокси серверлерин колдонгондорго кысым көрсөтүүдө.

Кысым соцтармактарда түркмөн өкмөтүн сындагандар көбөйүп жаткан маалга туш келди. Түркмөн бийлиги өлкө боюнча Интернеттин ылдамдыгын азайтууга аракет көрүүдө.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, жума башында Ашхабадда жарандардын смартфондоруна VPN программасын орноткондор менен алардын кызматына кошулгандарды аныктоо аракети күчөтүлдү.

Түркмөнстанда VPN орноткон адистер да суракка чакырылууда.

Бул өлкөдө көз карандысыз сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты ачылбайт. Жарандар VPN кызматын колдонууга аргасыз.

Түркмөнстан Интернет эркиндиги боюнча эл аралык рейтингде эң акыркы орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG