Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Ноокатта бала бакчанын сатылган жери мамлекетке кайтарылды


Бала бакчанын ичи. Алай району. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакчанын ичи. Алай району. Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат райондук прокуратурасы бала бакчанын мыйзамсыз сатылган жерин мамлекетке кайтарды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2005-жылы Ноокаттагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу "Арал" бала бакчасынын 18 сотых жери жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, бакчанын жери "Арал" дыйкан чарбасынын жыйынынын токтому менен сатылганы аныкталган.

Прокуратура бала бакчанын жерин кайтарып алуу боюнча сотко кайрылып, натыйжада соттун чечими менен баасы 3 млн сомдук 18 сотых жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Прокуратура тарабынан акыркы алты жылдан бери мамлекетке 100дөн ашуун бала бакча кайтарылып берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG