Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

“Акаевге шакирт, Ташиевге устат болгом”


“Акаевге шакирт, Ташиевге устат болгом”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн мейманы Кыргыз Республикасынын мурдагы вице премьер-министри Бекболот Талгарбеков болду. Ал маегинде айыл чарба реформасына бут тоскондор, Австралиядан келген кочкорлордун тагдыры, губернатор кызматынан алынышы, Ташиевге жасаган устаттыгы жана саясатчылар Акаев, Атамбаев, Танаев, Жумагулов, Аманбаев жөнүндө пикирлери менен бөлүшөт.

- Бекболот мырза, ошентип Карыпбек Асанов кызматтан алынды, анын ордуна сиз айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыңыз. Бирок, сиз Акаевдин ишенимдүү адамы болгонуңузга карабастан эки жыл бою министирдин милдетин аткаруучу болуп бекибей турдуңуз. Анын себеби эмнеде болду?

- Анын себеби, парламентте мени түшүнбөгөндөр көп болчу. Бир жолу мени ал кызматка көрсөтүп калды. Ошол кездеги “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов залга келип «Талгарбековду айыл чарба министри кылганга сунуш түшүптүр. Эгерде колдоп берсеңер салам, колдоп бербесеңер жаш жигиттин шагын сындырбагыла. Мен силерди билем, аны түшүнбөйсүңөр. Адамдын тагдыры менен ойнобогула» деди.

Зал унчукпай туруп калгандыктан менин талапкерлигимди койбой койду. Андан кийин мени президент Акаев чакырып калды. Аскар Акаевич «сенин реформаңды түшүнгөнгө парламент даяр эмес болуп жатат. Азырынча биринчи орун басар болуп иштеп тур, жакында башка министр жиберем» деди. Жалал Асановду министр кылып дайындады. Ал жакшы киши болчу, бирок ал да реформаны түшүнчү эмес. Ошентип дагы бир жыл убакыт кетти.

1994-жылы Акаев референдум өткөрүп, парламентке караганда көбүрөөк укуктарды алып, күчтүүрөөк болуп калды. Анан мени Ошто командировкада жүргөн жеримден чакыртып, “документтерди алып кел, министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындайм” деди. Ал учурда Апас Жумагулов премьер-министр, Жумгалбек Аманбаев айыл чарбасы боюнча вице-премьер-министр болуп калган. Мен жарлыктын долбоорун даярдап президентке бердим. Акаев документтерди карап, “кабыл алгыла” деп Апас Жумагуловго жөнөттү, ал киши болсо Жумгалбек Аманбаевге жөнөттү.

Аманбаевде документтер жатып калды. Үч жума өткөндөн кийин мени чакырып, «Бекболот, сен айтып жаткан айыл чарба реформасынан башка жол жок. Бирок, бул реформаны биз азыр жасабайбыз. Бир жылдан кийин Акаев президенттиктен кетет, мен президент болом, анан сени министр кылып бекитем. Акаевдин колунан келбейт, менин колуман келет» деди.

Мен Акаевге барып бул өкмөттүн жарлыкты кабыл албай турганын айттым. Анан президент өз жоопкерчилигине алып, премьер-министрден, вице-премьер-министрден макулдугу болбосо да жарлыкка кол койгон.

- Ошол убакта өкмөт менен кеңешпей туруп кол койгонго президенттин ыйгарым укуктары бар беле?

- Жарлык чыгарганга укугу бар болчу. Өкмөткө сунуштады, кабыл албай койгондуктан аргасыз ошол жолго барган. Жарлык гезитке чыгып калгандан кийин баары таң калды. Аманбаев жыйналыш өткөрүп, “эч ким билбеген президенттин жарлыгы чыгыптыр” десе, Апас Жумагулович түшүнүп, “президент бекитсе, демек биз аткарышыбыз керек” деген. Ошентип жарлык ишке кирген.

- Сиз Айыл чарба реформасынын автору болдуңуз. Коомчулукта сизди колдогон, каршы чыккан да тараптар көп болду. Деги эле, коомдук малды, жерди жеке менчикке таркатуу идеясы кайдан келип чыккан?

- Айыл чарбадагы коомдук менчик эч качан жакшы натыйжа бербестигин дүйнө тарыхы эчак эле далилдеп койгон. Ошого карабай Советтер Союзунун жетекчилери мамлекеттик менчикти сактап келишкен. Акыры СССР кулады. 1978-жылы Кытайдын улуу реформатору Ден Сяопин убагында туура түшүнүп, реформаны айыл чарбасынан баштаган. Жерди дыйкандарга ижарага (аренда) берип, мамлекетке акча үнөмдөп калып, ошол каражатка эркин экономикалык аймактарды түзгөн. Алар Кытайдын келечектеги өсүү “точкалары” болушкан. Эркин экономикалык аймактар өсүп отуруп бүгүнкү Кытай экономикасын берди. Ал эми Советтер Союзу ошол реформаны жасабай 1982-жылы азык-түлүк программасын кабыл алып, ага миллиарддаган акчаларды табалбай эл ачкачылыкка кептелген, натыйжада колхоз-совхоздорубуз кыйрап калды да.

- Сиздин реформа жылдарыңызда Австралиядан кочкорлорду алып келип, кой чарбасында асыл тукумдарды жаратабыз, деген долбоор натыйжасыз болуп калганы белгилүү. Буга сизди күнөөлөп жүрүшпөйбү, эмне үчүн Австралия, өзүбүздө жок беле?

- Менин бул долбоорго таптакыр тиешем жок. Ал долбоор даярдалган учурда Жалал Асанов министр болгон. Ал учурда мен дыйкан чарбалары менен алектенчүмүн. Долбоор Эмил Узакбаев, Александр Костюк министр болуп турган учурда ишке ашырылды.

- Айтсаңыз, эгерде убагында коомдук мал, жер жеке менчикке таркатылбаганда 5-10 жыл өткөндөн кийин Кыргызстандын айыл чарбасы абалы кандай болмок эле?

- 5-10 жыл эмес, мал 2-3 жылда жок болмок. 1990-жылы эле “бартерге алмашып, үрөн алыш үчүн” деп отуруп 2 миллион кой жок болгон. Ошол учурда 9,5 миллиондой койдун 2 миллиону бир жылда жок болуп жатат. 1991-жылы апрель айында өткөн айыл чарба кызматкерлеринин кеңешмесинде министрдин орун басары Улукбек Жээналиев «урматтуу жолдоштор, былтыр бир жылда 2 миллион кой жок болду. Дагы 2-3 жылдан кийин баарынан кол жууйбуз. Таптакыр жок болуп кала электе жеке менчикке өткөрүп бериш керек» деп айткан.

- 2002-жылы Николай Танаев премьер-министр болуп турганда сиз аппарат башчысы болгон экенсиз. Демейде өкмөт башчы аппарат башчысына өзүнүн эң ишенимдүү адамдарын койчу эле. Ошол учурда “Талгарбековду Танаев тандаган жок, Акаев тандап берди” деген сөз болду эле?

- Бул чындык. Мен ал учурда президенттик администрацияда агрардык саясат секторунун башчысы болуп иштеп тургам. Аскар Акаевич мени чакырып, «сенин тажрыйбаң жетиштүү, администрация менен өкмөт экөө согуша бергендиктен иш жакшы жүрбөйт келатат. Сен ошолорду конфликт жаратпай иштетип бер» деди. Анан Танаевге телефон чалып жөнөттү. Ал киши жакшы кабыл алды. Ошо менен Танаев бийликтен кеткенге чейин бирге иштештик.

- Бекболот мырза, азыркы бийликте экинин бири болуп турган Камчыбек Ташиев сиздин шакиртиңиз деп айтылат. Сиз экөөңүздөрдү жакындаткан эмне болгон?

- Мен Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турганда Жогорку Кеңештеги депутаттык орун бошоп калды. Ал үчүн 10-15 жигит ат салышты, арасында Камчыбек Ташиев бар эле. Өтпөй калды, бирок, менин көзүмө чалдыгып калды. Чакырып сүйлөшүп көрсөм тың жигит экен. Анан аппаратка алдым. 2002-жылы өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп турганда жардамчы болуп иштөөгө чакырдым. Андан кийин Бишкек шаарынын Ленин районуна акимдин биринчи орун басары кылып жөнөттүм. Ошондон бери биз ага-ини, устат-шакирт катары кол үзбөй келе жатабыз.

- Демек, Камчыбек Ташиев азыр Бекболот Талгарбековдун сөзүн эки кылбайт?

- Адамдык мамиле жагынан урматтап-сыйлап турат, бирок өзү “мамлекеттик ишиме кийлигишпеңиз” деп айткан. Ошон үчүн кийлигишпейм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG