Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 58 адамдан оору аныкталды


Коронавирус.
Коронавирус.

8-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Акыркы бир суткада 58 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Анын көбү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда. Таласта ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 182 миңге жакындап калды. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби - 2689.

  • Бишкек - 23
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Чүй облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу –4
  • Ош шаары - 2
  • Баткен облусу - 2
  • Ош облусу – 1
  • Нарын облусу - 1

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 6-ноябрда 1 млн. 800 миңден ашты. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки жолу берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылат. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө бул ооруну жуктуруп алгандар 250 миллионго чукулдады. Анын 5 миллиондон көбү кайтыш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG