Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстанда көмүр бир айда 10,4% кымбаттады


Көмүр саткан жай. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Көмүр саткан жай. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Көмүрдүн орточо баасы бир ай мурдагыга караганда 10,4% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Учурда бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 720 сом турат.

Эң кымбат көмүр Ноокатта - 9 874 сом, Баткенде - 9 718 сом, Исфана шаарында 1 тонна көмүр 8746 сом болууда.

Жумгал районунун Чаек айылында бир тонна көмүр 3000 сом, Балыкчы шаарында 4 миң, Нарын жана Кара-Балта шаарларында 4,5 миң сомдон сатылууда.

4-октябрга карата 1 тонна көмүрдүн орточо баасы 5 181 сом болчу. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 18,8% кымбаттады. Өкмөт көмүрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча чараларды көрөрүн эскерткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG