Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин маданият күндөрү башталды


Mаданият күндөрүнүн ачылыш аземи. Стамбул шаары. 7-ноябрь.
Mаданият күндөрүнүн ачылыш аземи. Стамбул шаары. 7-ноябрь.

7-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендигинин 30 жылдыгына карата уюштурулган маданият күндөрүнүн ачылыш аземи өттү.

Ага Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу, оппозициячыл партиянын башчылары, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова жана Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстандын башкы дипломаттары катышты.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө түрк тилдүү өлкөлөрдөн тартылган ондогон сүрөттөр коюлду. Муну менен катар 12-ноябрда Стамбул шаарында Кыргызстанды таанытуу иш-чаралары уюштурулуп, кыргызстандык артисттердин концерттери өтөрү кабарланды.

Буга чейин Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата фотокөргөзмө да ачылган.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG