Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди. Ишкананын басма сөз кызматы мындай кадам алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында жасалып жатканын маалымдады. Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экенин белгилеп, кардарларды бул аргасыздык чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

Чектөө качантан тартып киргизилгени тууралуу маалымат жок.
Мекеменин абоненттери соцтармактарда бир нече күндөн бери электр энергиясы аз берилип, үй тиричилик иштерине да жетпей жатканына нааразылыктарын билдирип жатышат.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

Улуттук энергохолдинг жарыкты маал-маалы менен өчүрүү планы жоктугун билдирип, жарандардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG