Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Пакистанда "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди


«Техрик-и Лабаик Пакистан» партиясынын тарапташтарынын жөө жүрүшү. 25-октябрь, 2021-жыл.
«Техрик-и Лабаик Пакистан» партиясынын тарапташтарынын жөө жүрүшү. 25-октябрь, 2021-жыл.

Пакистан өкмөтү "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берди.

7-ноябрда Ички иштер министрлиги аталган партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимди жокко чыгарып, эми партия саясатка аралаша аларын билдирди.

Мындай кадам "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын жетекчилиги менен өкмөт башчы Имран Хан сүйлөшүп, орток пикир тапкандан кийин кабыл алынды. Мунун жыйынтыгында партиянын тарапташтары баш калаа Исламабадды көздөй багытталган он күндүк жөө жүрүшүн токтотушту. Алар Франциянын элчисинин өлкөдөн чыгарылышын жана партия лидеринин камактан бошотулушун талап кылышкан.

Жөө жүрүш маалында анын катышуучулары менен полиция бир нече жолу кагылышып, жети тартип коргоочу, төрт демонстрант көз жумду.

Бийликтеги расмий адамдардын айтымында, өкмөт менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, "Техрик-и Лабаик Пакистан" жөө жүрүшүн токтотуп, мындан ары да нааразылык акцияларын уюштурбоону убада кылды.

Dawn басылмасы жазгандай, партиянын лидери Саад Ризви жакын арада бошотулары күтүлүүдө.

Ризви быйыл апрель айында Францияга каршы демонстрация маалында камалган.

Радикал топ буга чейин кудайга жана Ислам динине акаарат келтиргендердин дарга асылышын талап кылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG