Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Иранда Хаменеинин колунун сүрөтүн макалада колдонгон гезит жабылды


 Kelid деген басылмада чыккан сүрөт.
Kelid деген басылмада чыккан сүрөт.

Ирандын Пресса боюнча байкоочу кеңеши Kelid деп аталган күнүмдүк гезитти жабуу чечимин кабыл алды. Буга өлкөдөгү жакырчылык тууралуу макаладагы Ирандын Жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин колунун сүрөтү себеп болушу мүмкүн.

Байкоочу кеңештин башчысы Алаедин Зохурян 8-ноябрда мамлекеттик IRNA агенттигине гезиттин лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алышканын билдирип, себебин түшүндүргөн эмес.

Иранда Хаменеини сындаганга жол берилбейт. Маалымат тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде "Иран ислам республикасынын лидерин сындаган каражаттардын лицензиясы жокко чыгарылат, ал эми макаланын автору же мекеменин жооптуу жетекчиси соттолуп, жазасын алат" деп жазылган.

Буга чейин Пресса иштери боюнча байкоочу кеңеш бир катар маалымат каражаттарын лицензиядан ажыраткан. 2012-жылы АКШнын Каржы министрлиги кеңешке санкция салган.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун пресса эркиндиги боюнча рейтингинде Иран 180 мамлекеттин ичинен 174-баскычта турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG