Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

“Азаттыктын” беларус кызматынын журналистинин кармалганына 500 күн болду


Блогер жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун медиаконсультанты Игорь Лосиктин кармалганына 7-ноябрда 500 күн болду. Буга байланыштуу аталган медиакорпорациянын президенти Жейми Флай билдирүү жасады.

“Игорь 2020-жылдын 25-июнунда үйүнөн уурдалып, 500 күндөн бери адилетсиз жана адамкерчиликсиз мамилеге дуушар болуп келет. Беларус бийлиги бул адилетсиздикке чекит коюп, Игорду жана башка түрмөдөгү баардык журналисттерди бошотушу керек",-деди Флай.

Игорь Лосик Беларустагы шайлоону утурлай камалган. Анын жыйынтыгында Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Бирок оппозиция жана бир катар Батыш мамлекеттери добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.

Лосик «социалдык араздашууну козуткан жана жапырт башаламандык уюштурган» деп айыпталууда. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Камалгандан кийин журналистти уруп-сабап, психологиялык басым жасашкан. Ал мындан улам эки ирет узак убакыт ачкачылык кармоого аргасыз болгон. Камалгандан бери аялы жана кызы менен бир гана жолу жолуккан.

Лосик өзүнө тагылган айыптардын баары ойдон чыгарылганын айтып келет. Батыш мамлекеттеринин дипломаттары беларус бийлигин аны бошотууга бир нече ирет чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG