Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Бээжинде Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин жыйыны башталды


Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесинде сүйлөп жатат. Бээжин, 28-июнь, 2021-жыл.
Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесинде сүйлөп жатат. Бээжин, 28-июнь, 2021-жыл.

Бээжинде Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин төрт күндүк жыйыны башталды. Бул жолку жыйын өлкө лидери Си Цзинпиндин бийлигин дагы бекемдөөгө шарт түзөрү күтүлүп жатат.

Комитеттин 400дөй мүчөсү партиянын 100 жылдык тарыхындагы эң негизги жетишкендиктери жана тарыхый тажрыйбасы тууралуу резолюция долбоорун талкулоо үчүн 8-ноябрда жабык жыйынга чогулушту.

Ага ылайык, эмдиги жылкы курултайда Си бийликтеги мөөнөтүн узартып, үчүнчү ирет шайланары күтүлүп жатат.

2018-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, лидердин бийликтеги мөөнөтү чектелбейт. Си Цзинпин азырынча өзүнүн мураскерин атай элек, ошол себептен ал бери дегенде 2027-жылга чейин бийликте болору күтүлүүдө. Ал Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Андан бери Шинжаңда, Тибетте жана Гонконгдо куугунтуктоолор күчөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG