Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

БШК: "Эл үмүтүнүн" шайлоо фондуна байланыштуу арыз түшө элек


Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрдагы саясий жарышка катышып жаткан "Эл үмүтү" партиясынын шайлоо фондуна байланыштуу арыз түшө элек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" кабарлады.

Мунун алдында "Эл үмүтү" партиясынын тизмесинде парламентке аттанып жаткан талапкер Канышай Ырысбек кызы ага атын атабаган адам колдоо иретинде 500 миң сом каражат которгонун социалдык тармактарга жазган. Бул каражат партиянын жалпы эсебине которуларын айткан.

"Кечээ бейтааныш адамдар мени колдоп акча берип жиберишиптир. Бул акчаларды “Эл үмүтүнүн” жалпы эсебине которууну чечтим," - деген ал.

Бул социалдык тармактарда талкууга алынып, анонимдүү булактардан берилген каражатты партиянын фондуна которуу мыйзамга туура келбесин жазышкан. Маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин Канышай Ырысбек кызы өзүнө келген каражат тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, каражатты ага жакшы тааныган агасы бергенин, бирок аны алуу мыйзамга каршы келгендиктен кайра кайтарып бергенин айткан. Ошондой эле, үй алуу үчүн чогулткан 420 миң сомун партиянын фондуна которгонун кошумчалаган.

"БШК талапкердин же партиянын фонду кайсы каражаттан түзүлүп жатат, ошону гана текшерет. Аларга жардам берип жаткан фирмалар, партиялар же башка жарандар кайдан алып берип жатканын текшере албайбыз. Анонимдүү, түзмө түз фонддо атын атабай кайрымдуулук кылгандарга тыюу салынат. Ал эми талапкерге жөнөтсө, ал каяктан алып жатканын текшере албайбыз. Ага канча адам берип жатат, туугандарынын баарын текшере албайбыз. Мыйзамда андайга жол жок", - деди БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов.

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Канышай Ырысбек кызы 1-2-ноябрь күндөрү партиянын эсебине эки бөлүп 840 миң сом которгону көрсөтүлүп турат. Ырысбек кызы болгону 420 миң сом гана которгонун "Азаттыкка" билдирди. Муну БШКдан ырастады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, "Эл үмүтү" саясий партиясынын шайлоо фондуна 15 млн. 687 миң 340 сом түшкөн.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG