Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Баткендин акими Өзбекстан чек арадагы чарбалык иштерин токтотконун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Кыргызстандын Таян айылына чектеш жердеги чек ара бекетин жылдырууну, башка чарбалык иштерин деморкация процесси бүткөнгө чейин токтотту. Бул маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын тийиштүү өкүлдөрүнүн 8-ноябрдагы жолугушуусунда дагы бир жолу талкууланып, макулдашылды. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, эки тараптын жолугушуусу Таян айылында өттү.

"Өзбек тараптан чындыгында жылдыруу аракети болгон. Алар буга чейин эле чек арачы, "Кадастр" ишканасынын, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде токтотулган эле. Кийин булар жазылып, бирок бекитиле элек аймакка күздүк эгин эгебиз дегендей билдирүүлөрдү биздин тарапка берген экен. Биз ошолорду демокрация процесси бүткөнгө чейин токтотуп тургула деп макулдаштык. Бул маселе чечилди. Алар чек ара бекети боюнча дагы жылдырбай турганын дагы бир жолу бекемдеп айтышты", - деди аким.

4-ноябрда Баткен районунун Кыштут айылынын тургундары Өзбекстан чек ара бекетин айыл четине жылдырып жатканын айтып чыгышкан. Алар өзбекстандык чек арачылар экскаватор менен жер казып, чек ара бекетин курууга аракет кылып жатканына каршылык билдиришкен. Райондун акими Учкунбек Жоробаеев эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин чек ара бекети жылдырылбай, ордуна кала турганын айткан эле.

Жороев чек ара бекети курулмак болгон жер такталган тилке жана Өзбекстанга карай турганын буга чейин билдирген.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан кийин дагы 10% жакыны такталганын кыргыз өкмөтү быйыл 17-февралда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG