Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

Орусия Кыргызстандан барган жемиштерди артка кайтарды


Мисте. Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.
Мисте. Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.

Ноябрдын башында орус-казак чек арасындагы Орусиянын фитосанитардык көзөмөл бекети 382 тонна жашылча-жемишти жана кургатылган азыктарды артка кайтарды. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандан жана Казакстандан жиберилген товарлар мыйзам бузуу менен кирип жатканы аныкталган.

"Россельхознадзор" бул товарлар өсүп-өндүрүлгөн өлкөсү - Өзбекстан менен Тажикстан болгондуктан, бул мамлекеттерден тиешелүү фитосанитардык сертификаттар болууга тийиштигин белгилеген.

Маалыматта "Дал ушул сертификаттардын жоктугу жүзүм, курма, алма, мейиз, жаңгак жана ит мурунду Орусияга киргизбөөгө негиз берди" деп жазылган.

Сентябрдан бери Орусия Кыргызстандан барган жалпы миң тоннадан ашуун азык-түлүктү артка кайтарган.

Кыргызстан 2014-жылдан бери Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения менен чогуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргызстандык ишкерлер өлкө биримдикке киргенден кийин тескерисинче, бул өлкөлөргө товар сатуу татаалдашканын айтып, нааразылыгын билдирип келишет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG