Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

ЖККБ 14 миллион сомго радар сатып алат


Жол кыймылынын эрежесин каттаган көчмө радар. 11-февраль, 2019-жыл. Иллюстрация.
Жол кыймылынын эрежесин каттаган көчмө радар. 11-февраль, 2019-жыл. Иллюстрация.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаалардын ылдамдыгын аныктоочу радар алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, ЖККБ 14 млн. сомго 20 даана радар сатып алмакчы.

Радарлар ылдамдык режимин бузган автоунаалардын сүрөтүн сактап, ылдамдыктын өлчөмүн, бузуу катталган убакытты жана жерин да аныктайт. Мындан тышкары унаанын туура эмес жерге токтотулушун, жол сызыктарын туура эмес кесип, тебелеп өтүшүн, жол чырактын кызыл жарыгына өткөнүн, каршылаш тилкеге чыкканын да так көрсөтүп берет. Караңгыда да иштейт. Радардагы маалыматтарды кайгуул-күзөт инспекторлору өчүрө албайт. Аппаратты аралыктан башкарууга болот.

Тендерге арыз берүүнүн мөөнөтү 26-ноябрда аяктайт.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып жүргөн автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 2019-жылдын 12-февралынан бери иштейт. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG