Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:17

7-ноябрь - мааниси өзгөргөн майрам  


"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. 7-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 7-ноябрда Тарых күнү, 8-ноябрда Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул күндөр тарыхты изилдөөнү жакшыртуу жана куугунтук курмандыктарын эскерип, өткөндөн сабак алуу үчүн жарыяланган.

Бул күндөр майрам катары белгилене баштаган төрт жылдан бери мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу иш-чаралар өтө элек. Мектептерде, жогорку окуу жайларда гана чакан иш-чаралар уюштурулат.

Өлкө жетекчилери 7-ноябрда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн окуясынын, репрессия курмандыктарынын, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 7-апрель баатырларынын кабырына гүл коюп, куран окутууну адатка айландырган.

"Ата-Бейиттеги" быйылкы иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан жок. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентимишев, Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов баштаган коомдук жана мамлекеттик ишмерлер барышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган коомдук жана мамлекеттик ишмерлер. 7-ноябрь, 2021-жыл.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган коомдук жана мамлекеттик ишмерлер. 7-ноябрь, 2021-жыл.

Президент Жапаров элге кайрылуусун жолдоду. Анда улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоң экени белгиленген.

"Алардын бири соңку жаңы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы - Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар. Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып, келечекке бийик максаттарды коюушубуз абзел".

Садыр Жапаров мамлекеттүүлүктү түптөөчүлөр Жусуп Абрахманов, Касым Тыныстанов, окумуштуу тилчи Кусеин Карасаевдин 120, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленгенин кошумчалаган.

Мааниси өзгөргөн майрам

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыяланган. 2018-жылдан тартып белгилене баштаган.

Жарлык "1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатында" кабыл алынганы айтылган.

Совет доорунда 7-ноябрь - Октябрь революциясынын жеңген күнү катары белгиленип келген.

“Ата-бабаларды эскерүү” дегенде Үркүн деген аталыш менен белгилүү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү каралган.

Мындан 81 жыл мурун 5-8-ноябрь аралыгында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу "эл душманы" деп жалаа жабылган 138 адам атылып, кийин сөөгү Чоң-Ташта табылган.

Коомдо бул майрамдар тууралуу жарлык аткарылбай, тарыхты, куугунтук курмандыктарын изилдөөгө олуттуу көңүл бурулбай көз жаздымда калды деген пикирлер айтылып келет.

Алардын бири тарыхчы, окумуштуу Жумагул Байдилдеев:

"Ушул эле күнү эскерип, бөлөк күндөрү унутуп калабыз. Илимий изилдөөлөрүбүзгө мамлекеттик деңгээлде көмөк керек. Коңшу өлкөлөрдү карасак, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөндөрдү иликтөө эки-үч жыл алдын ала даярдалат. Биз болсо календарды карап туруп эле Касым Тыныстановдун 110 жылдыгы экен, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы экен деген өңдүү чолок мамиле кылып атабыз".

Быйыл августта кыргыз элинин тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири - Үркүндүн 105 жылдыгы да жупуну эскерилди деген сын-пикирлер айтылган. Бийлик Үркүндү эскерүүгө, тарыхты жеткирүүгө анчейин маани берген жок деген сындарды четке каккан.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов да кыргыздардын басып өткөн жолун жакшы иликтеп чыгуу керектигин айтат.

"Тарых ар кандай болот, кээде башка өнүккөн формасында кайталанат. Бирок тарыхтагы негизги эрежелер ошол бойдон сакталып кала берет. Биз тарыхтан сабак алмайынча, тарыхтагы катачылыктарды кетирбегенге үйрөнмөйүнчө келечекте күчтүү мамлекет кура албашыбызды тарых көрсөтүп жатат".

Молдокасымов Кытайдын жазма булактарында кыргыздар тууралуу жазылган маалыматтар бар экенин, аларды иликтесе дагы баа жеткис жаңы жагдайлар ачыларын кошумчалады.

7-ноябрды Тарых күнүнө айлантуу боюнча Кыргызстандын жетекчилигинин чечимине башында орусиялык айрым депутаттар нааразылыгын билдирип чыгышканы белгилүү.

Кыргызстанда расмий белгиленген 13 майрам бар, жарандар бир жыл ичинде 20 күндөй эс алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG