Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

"Куугунтук курмандыктарын изилдөөгө маани берилбей жатат"


1937-жылы атылган саясий куугунтук курмандыктарынын бейити. "Ата-Бейит".
1937-жылы атылган саясий куугунтук курмандыктарынын бейити. "Ата-Бейит".

7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бүгүн кыргыз коомунда совет мезгилдеги куугунтук курмандыктарынын таржымалын иликтөөгө мамиле кандай? Архивдик купуя документтерди ачуу зарылдыгы эмнеде? Кыргызстандын бийликтери отузунчу жылдардагы репрессиядан сабак алып жатабы?

“Азаттык” ушул жана башка суроолорго “арай көз чарай” талкууда жооп издеди. Талкууга тарыхчы-окумуштуулар Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев жана куугунтук курмандыктарынын неберелеринин бири, Жалпы кызыкчылыктарды издөө/тынчтык куруу уюмунун Борбор Азия боюнча программаларынын жетекчиси Кеңешбек Сайназаров катышты.

“Азаттык”: "Кыргыз Республикасындагы саясий репрессиянын курмандыктары” аттуу 10 томдук китепти чыгарган тарыхчы, Коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери Болот Абдрахмановдун эсеби боюнча саясий куугунтуктун Кыргызстандагы курмандыктары 40 миңдин тегерегинде экен. Алардын ичинде 50 чамалуу улуттун өкүлдөрү бар. Алардын 137си азыр Чоң-Таштагы “Ата-Бейит” көрүстөнүндө жатат, баарыбыз билгендей. Бул тарыхка бүгүн мамиле кандай? Эс-тутумда жашап жатабы?

Аида Кубатова
Аида Кубатова

Аида Кубатова: Болот Абдрахманов агай чоң жумуш жасады. 40 миң деп айтып атат, бирок, 10 томдукка 18 миңдей адам тууралуу маалыматтар кирген. Бул өтө чоң эмгекти талап кылды. Ошого карабастан, ал жыйнактан репрессияланган адамдардын фамилияларын таппай калып атабыз. Демек, дагы көптөгөн адамдардын ошол тизмеге кошулушу үчүн мындан ары дагы изилдөөнү улантуу талап кылынат.

7-8-ноябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деп киргизилип калышын бир жагынан туура деп ойлойм. Анткени, СССРдин тутумунда турганда 70 жыл бою Улуу октябрь социалисттик революциясынын жеңген күнү деп ушунчалык шаан-шөкөт менен майрамдап жүргөнбүз. Чынында бул күндөр кыргыз эли үчүн өтө чоң трагедия болгон экен. Мындай маалыматтарды кийин эле, эгемендикке ээ болгондон кийин биле баштадык. Ушул күндөрү 137 кишинин атылганы тууралуу билдик. Бирок, бул маселеге бүгүн олуттуу көңүл бурулуп жатат деп айта албайм. Анткени, саналуу гана изилдөөчүлөр изилдеп жатышат. Ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпы элге жеткирүү жагы деле аксап турат.

Жумагул Байдилдеев
Жумагул Байдилдеев

Жумагул Байдилдеев: Кыргыздар ушундайбыз да, ата-бабаларды, репрессия курмандыктарын ушул эле күнү эскерип, бөлөк күндөрү унутуп калабыз. Илимий изилдөөлөрүбүзгө мамлекеттик деңгээлде көмөк керек. Коңшу өлкөлөрдү карасак, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөндөрдү иликтөөдө эки-үч жыл алдын ала даярдалат. Биз болсо календарды карап туруп эле Касым Тыныстановдун 110 жылдыгы экен, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы экен деген өңдүү чолок мамиле кылып атабыз. Эгемендигибиздин 30 жылдыгы деп атабыз, бирок, Кыргыз автоном облусу түзүлгөн 1924-жылдан берки 100 жылдык тарыхыбыз бар да.

Аида Кубатова: Сиз сурап аткан архивдик документтерди ачуу маселеси да аябай көйгөйлүү. Кыргызстандын 20-30-жылдардагы тарыхынын бир бөлүгү Коопсуздук кызматынын архивинде турат. Кирүүгө мүмкүн эмес. Саналуу эле иликтөөчүлөр кирип чыкты. Мына, Жумагул Байдилдеев деле репрессия курмандыктары боюнча адис болгону менен, кире алган жок. Болот Абдрахманов ошол жерде иштеген үчүн кире алды. Бийликтегилер эмнегедир ачкандан коркушат. Биз көптөн бери эле көтөрүп келатабыз. Казакстанда, Өзбекстанда деле саясий репрессиялангандарга тиешелүү архивди ачып эле атышат.

Чет жактагы эксперттер биздин ички тарыхыбызга кийлигишип, архивиңерди ачсаңар, Кыргызстанда жарандык согуш башталышы мүмкүн деген кооптонууларын радиодон айтып, гезитке жазып жатышты. Мени таң калтырганы эмне үчүн архивди ачканда жарандык согуш болуп кетиши мүмкүн? Азыр адамдардын аң-сезими абдан эле жогорулап калды. Албетте, майда барат пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Мен архивдердин ачылбай турушунан улам алар жок болуп кетиши ыктымал деп тынчсызданам.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

Кеңешбек Сайназаров: Менин таятам көрүнүктүү деле ишмер болгон эмес. Памирде, азыркы кезде бөлүнүп калган Ооганстан, Кытай, Тажикстан, Пакистанга чейин соода кылып жүргөн соодагер болгон. Ал “Британиянын тыңчысы” деген жалаа менен кеткен. Кийин (жети жыл түрмөдө жатып келгенден кийин-ред.) кайтып келгенде да “донос” кылган киши менен жолугушпаганга аракет кылган. Таятам бир да кишиге ишенбей, өзүнүн көлөкөсүнөн коркуп жашап калган. “Донос” жасаган киши өзүнүн эле теңтуштарынын бири болгон.

Бирок, азыр архивди ачуудан жарандык согушка жеткирчү тобокелчиликтер деле жок. Эмне үчүн? Мен ушул Тынчтык куруу институтунда иштеп калганда бир кесиптешим менен Чуңкурчакка чыгып сүйлөшүп калсак айтат: “Менин чоң атам 1938-1942-жылдары атайын кызматтын жетекчиси болуп иштеген ошол райондо” деп. Мен: “Анда менин таятам репрессия болгон жылдар экен. Андай буйруктардын бардыгына сенин чоң атаң кол койгон турбайбы?” дедим. Тагдырдын жазмышын караңыз, ошондой адамдардын неберелери кайра Тынчтык куруу институтунда иштеп калганын. Бул – биздин өткөн тарых. Тарыхты ачыктоо маанилүү.

Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG