Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Сокур намыстын согушу


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Өзбек текстилин Орусияга экспорттоо көбөйөт. Иран түркмөн газын Түркияга өткөрүүдөн баш тартты. Кыргызстан Октябрь революциясы менен кош айтышты. Орусиялык басылмаларда жарык көргөн баяндарга сереп.

"Коммерсант" басылмасы кыргыз-казак чек арасындагы абал жөнүндө баяндайт. Макалада "кошуна өлкөлөр ортосундагы абал декабрда Кыргызстанда жаңы президент Сооронбай Жээнбеков кызматка келгенде бир нукка түшөт" деп болжолдонот. КМШ өлкөлөрүнүн институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Андрей Грозин кыргыз-казак чек арасындагы абалды “куру намыстын согушу” деп мүнөздөгөн.

“1-декабрда эмоционалдуу Алмазбек Атамбаевди эмоцияга жарды Сооронбай Жээнбеков алмаштырат" деп жазылат макалада. "Москва борбор азиялык өнөктөштөрдүн тирешүүсүнөн эч кандай кооптонуу көргөн жок" деп айтылат макалада.

Ал эми Евразия аналитика клубунун адиси Никита Мендкович "Кыргызстандын товарларын өткөрбөй коюуга Казакстандын колу байланбаган" деген. Серепчинин белгилөөсүндө бул чатак ырбап кетип, бир гана Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн киришүүсү менен чечилиши мүмкүн.

Орусияда өзбек текстилинин хабы түзүлөт

ТАСС агенттиги өзбек текстили эми Орусияга «жашыл коридор» менен келет деп жазат. Өзбек-орус өкмөттөрү бажы талаптарын жеңилдетип, транспорттоо маселесин жакшыртып, өзбек кездемелерин Орусияда сатууну кеңейтет.

Москванын чет жагындагы Иваново шаарчасында өзбек текстили үчүн атайын хаб түзүлүп, ал жакка Өзбекстандан чийки заттан баштап даяр кездемелерге чейин алып келинет.

Ошондой эле ТАСС агенттиги Өзбекстан Орусия үчүн темир жол вагондорун жасарын маалымдайт. Жүргүнчүлөрдү ташыган вагондорду сатып алуу жөнүндө былтыр сүйлөшүлгөн. Эми жыл аягына чейин Өзбекстанда жасалган плацкарт жана купе вагондору Орусияга жөнөтүлөт.

"Узбекистон темир йуллари" ишканасынын заводу 2001-жылы ишке кирип, быйыл эл аралык стандарт боюнча текшерүүдөн өткөн. Завод жылына 450 жүргүнчү вагондорун ондоп, 40 жаңы вагон жасай алат.

Советтик доор менен коштошуу

"Коммерсант" басылмасы Кыргызстан Октябрь революциясы менен кош айтышты деп жазат. Макалада президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Кыргызстанда 7-ноябрда Октябрь революциясын майрамдоо күнү жоюлуп, 7-8-ноябрда өлкөдө 1916-жылы Орус империясына каршы көтөрүлүштө каза болгондорду жана совет доорундагы репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленери айтылат.

Кыргызстандын 7-8-ноябрдагы майрамдар боюнча жардыгын орус басылмалары кызуу талкууга алды.
Кыргызстандын 7-8-ноябрдагы майрамдар боюнча жардыгын орус басылмалары кызуу талкууга алды.

Өкмөткө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандарды жана ата-бабаларды эскерүү үчүн атайын иш-чараларды уюштуруу тапшырылганы белгиленет. Буга чейин Октябрь революциясынын күнү бир гана Кыргызстанда жана Беларуста белгиленчү. Ошондой эле Атамбаев парламентке Ленин чокусун Манас-Ата чокусу деп атоо боюнча мыйзам долбоорун карап чыгууну сунуштаганы айтылат.

Иран түркмөн газын Түркияга өткөрбөйт

Регнум агенттиги "Иран түркмөн газын Түркияга өткөрүүдөн баш тартты" деп жазат. Былтыр декабрдан баштап Түркмөнстан Ирандан жаратылыш газы үчүн 1,8 миллиард доллар карызын талап кыла баштаган.

Жыл башында Иран "Түркмөнгаз" ишканасын сотко берерин айтып, түркмөн газын өлкө аймагы аркылуу Армения менен Азербайжанга өткөрүүнү токтотуу боюнча дагы суроо көтөрүлгөн. Макалада эми Ирандын түндүгүндө жаңы газ түтүктөрү ишке киргени, эми Тегеран түркмөн газы сатып алуудан толук баш тартары баяндалат. Тегеран мурдатан сүйлөшүлгөн Түркияга газ өткөрүү боюнча макулдашууну дагы жокко чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG