Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Өкмөт казак премьеринин билдирүүсүнө жооп кайтарды


Кыргызстандын өкмөт башчысы менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев.
Кыргызстандын өкмөт башчысы менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев.

Кыргыз өкмөтү Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Ереванда өткөн Евразия экономикалык биримдигиндеги билдирүүсүнө расмий жооп кайтарды.

Өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө "Казакстандын Бажы биримдигине жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген мыйзам бузуу жана айрым маселелер боюнча актануусу чындыкка дал келбейт" деп атаган.

“Казак тараптын маалыматы боюнча 2014-2016-жылдары Кыргыз Республикасынан тышкары бардык Бажы биримдигине кирген мүчө-өлкөлөрдө Кытайдан импорттолгон товардын көлөмүнүн төмөндөшү байкалган. Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгон, ал эми товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүүнү бөлүштүрүү механизми 2015-жылдын октябрь айында гана ишке кирген. Мындан улам, акыркы үч жылга салыштырып, андан тыянак чыгаруунун өзү туура эмес», - деп айтылган билдирүүдө.

2015-жылы Кыргызстанга Кытайдан келген импорттун көлөмү мурдагы жылдарга салыштармалуу 22 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленген. Ал эми быйылкы жылдын сегиз айында импорт 3,5 пайызга азайган.

Буга кошумча өкмөтү казак премьери Кытай менен Кыргызстан ортосундагы импорт боюнча айткан маалыматтары да туура эместигин белгилеп, бул жааттагы айырмачылыктар анчалык көп эместигин кабарлаган.

Буга байланыштуу өкмөт Казакстандын чек арадагы товарлардын агымына жашыруун чектөө коюу Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына туура келбей турганын эскерткен.

Ушул аптада ЕАЭБнын Еревандагы жыйынында Казакстандын премьери Бакытжан Сагинтаев кыргыз тарапты аткезчиликке каршы күрөшпөгөнү үчүн айыптап, мындан Евразия экономикалык биримдиги миллиарддаган доллар зыян тартып жатканын белгилеген. Аткезчилик маселесинен улам Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялаган.

Жыйында кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков казак премьерине атайын билдирүү менен жооп кайтарын айткан.

Казакстан 10-октябрдан тарта чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашына чектөө киргизген. Учурда жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен жүк өткөрүү маселеси чечиле элек.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканы белгилүү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG