Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Сүлүктүдө шахтада калган эки киши куткарылды


Көмүр шахтасы. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Көмүр шахтасы. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Сүлүктү шаарынын чет жакасындагы жеке менчик көмүр кенинде шахтанын тосмосу кулап, эки шахтер ичинде калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо кырсыгынан куткаруу башкармалыгы шахтада калгандар куткарылганын кабарлады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын Сүлүктү шаарындагы бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Ибрагим Балтаев "Азаттыкка" билдирди.

"Алар эски шахтада тосмо жасап жатышканда, ошол тосмо дубал урап түшкөн. Сырттагы шериктерине эптеп кабар берип, бизди чакырышты. Бизге 8-ноябрда саат 11:39да кабар түшүп, 11:40та алты куткаруучубуз чыгып кетти. Балдар барган кезде алар өздөрү да желдеткич түтүктү кесип жиберип, аба жутуп турушкан экен. Аман-эсен чыгарып алдык".

Шахтанын ичинде иштеп жаткан ата-бала: 47 жаштагы Илхом Ибодов менен анын 19 жаштагы уулу Азамат Ибодовдун абалы жакшы. Ооруканага кайрылышкан эмес.

Сүлүктү шаарынын чет жакасындагы көмүр кендеринде 40тан ашуун шахта бар. Айрымдары совет мезгилинде иштетилип, ошол абалында калып кеткен. Кароосуз калган көмүр шахталарында адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар көп катталат.

Быйыл 15-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Коргон айыл аймагындагы кароосуз калган көмүр шахтасында жарылуу болуп 45 жаштагы киши каза тапкан. 8-июнда Сүлүктү шаарындагы шахта кырсыгынан 20 жаштагы жигит каза болду. 15-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өрүктү тилкесинде шахта урап 46 жана 44 жаштагы эки киши көз жумган.

Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Ушул тапта анын 65инен көмүр казылат. 2019-жылы облуста көмүр шахталарындагы кырсыктардан улам 10 адам каза болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG