Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Бажы: Айдоочуларды санаага салган санитардык зона


Нарын-Торугарт жолундагы жүк тарткан автоунаалар. Архив сүрөт.
Нарын-Торугарт жолундагы жүк тарткан автоунаалар. Архив сүрөт.

Кытайдан Торугарт бекети аркылуу жүк ташыган айдоочулар Бажы кызматынын чек арада санитардык зона түзгөн эрежесине каршы болуп, бийликке кайрылуу жолдошту. Алар жаңы эреже коррупцияга жол ачып, мунун арты менен Кытайдан келген товардын саны азайып, баа кескин өсүп кетиши мүмкүн деген чочулашат.

8-ноябрда Кочкор районунда чогулган Кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган айдоочулар Бажы кызматынын жаңы эрежесине каршы чыкты.

"Сапарман" айдоочулар бирикмесинин төрагасы Максатбек Дүйшеев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 400дөн ашык киши чогулду.

"Бажы кызматы Кытайдан жүк ташууну көбөйтөбүз деп Silk Way компаниясы менен келишим түзүп, ортого алты чакырым жерге бир схеманы, санитардык зонаны киргизебиз деп жатат. Ал жерде 20 машине иштеп берсин, алар Кытайдан келаткан контейнерди жерге түшүрүп, биздин кезекте турган машинелерге жүктөп берели дептир. Ал кызмат үчүн миң доллардан 1,5 миң долларга чейин акы алынат. Андан тышкары өкмөттүн жүктү көбөйтөбүз деген планы бар. Бирок Торугарт деңиз деңгээлинен 3800 метр бийик, суук болот, машине бузулат. Вахтовый болуп иштеп бергиле деп жатат. Антип иштөө мүмкүн эмес. Бул схема мамлекетке да, бизге да, жеке ишкерлерге залакасын тийгизет. Кытай тарап ушундай сунуш киргизип, санитардык зона болуш керек дептир. Эми ошол Кытай тараптын кагазын көрсөткүлө десек, көрсөтпөй жатышат. Бул бир күңүрт, түшүнүксүз, баш оорутма схема болууда", - деди Дүйшеев.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаровго жана Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбековго ачык кайрылуу жолдошту.

Мамлекеттик Бажы кызматы Торугарттагы жүк ташуунун өзгөргөн эрежеси тууралуу буга чейин эч кандай маалымат тараткан эмес. Мекеменин маалымат кызматы расмий жооп шаршембиде болорун "Азаттыкка" билдирди.

Жаңы эреже жана жаңы төрага

Өткөн айдын этегинде Бажы кызматынын жетекчилиги алмашкан. Мекеменин башчылыгына 40 жаштагы бизнесмен Адилет Кубанычбеков келип, ага бажы салыгын көбөйтүү жана коррупцияны азайтуу милдети коюлган.

Кубанычбеков буга чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу. Бул ишкана санитардык зона түзүүнү эбактан бери эле сунуштап жүргөнү белгилүү.

2018-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан SilkWay деп аталган ири текстил-логистикалык борборунун курулушунун башталышында анын жетекчиси Адилет Кубанычбеков экени белгилүү болгон.

Кубанычбеков ээлик кылган SilkWay деп аталган жаңы логистикалык борбордун курулушу менен буга чейинки бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков барып таанышкан. Анда бажы кызматы бул ишкана өлкөдө эл аралык соода жүгүртүүдө эң ири логистикалык борбор болуп каларын белгилеген.

Бажыдан түшкөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү милдети

27-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчилигине бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлганын билдирген.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Кыргызстанга келип, андан ары товарды Орусия, Казакстанга сатам дегендерге Бажы кызматы да, өкмөт да колунан келген жардамын берет. Бирок бажы тармагындагы оюндардын баары токтотулат. Быйылкы план боюнча 38 миллиардды (ЕАЭБден 1,9%ды эсептебегенде) кийинки жылы 105 млрд сомго көтөрөсүң деп милдеттемелерди койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ 30 унаа "Эркечтамдан", 30 унаа "Торугарт" өткөрмө пунктарынан өттү дейт, канчасы өткөнүн бүгүн түшкө чейин тактап беришет. Жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу унааларды эки эсе көбөйтөбүз деп жатышат", - деп айткан Жапаров.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кытайдан Кыргызстанга кирген импорт 57,5% кыскарды. Жүк ташыган унаалардын саны 10 эсе азайган. Кыргызстан Кытайдан негизинен текстил товарларын, электроникалык техниканы, курулуш материалдарын алат. Жергиликтүү базарда Кытайдан келген товардын үлүшү чоң. Кыргыз бийлиги Кытай менен соода алаканы жандантуу аракетин көрүүдө. Жапаров 18-октябрда "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетине барып, жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирген.

Айдоочулардын айтымында, ушул күндөрү кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан Тогугарт жана Эркечтам бажы бекеттеринен күнүнө элүүдөн кем эмес фура жүк ташылат.

Айдоочулар бирикмесинин төрөгасы Набир Токторов өкмөтүнүн жаңы эрежеси Кытайдан чыккан товардын баасын өстүрүп, унаалардын санын кескин кыскартып коюшу мүмкүн деген божомол менен бөлүштү.

“Бажы кызматынын бизге түшүндүргөнү боюнча кыргыз-кытай чек арасындагы нейтралдуу аймакка өздөрүнүн 20дай фурасын киргизет дешти. Алар Кытайдан жүктү ташып чыгып, Кыргызстандагы айдоочуларга жеткирип берет экен. Мындай кызмат көрсөткөнү үчүн ар бир фурадан 1000 доллардан алмак болуптур. Мунун үстүнө дагы 1000 доллар кошулат экен. Ал акчаны бюджетке төгөбүз деп айтып жатышат. Бирок мен буга түшүнгөн жокмун. Чогулган акчаны же салыкка төлөбөсөк, же жолдорду оңдогонго жумшабаса, кайсы мыйзамдын негизинде бюджетке 1000 доллардан чогултканы жатат. Бул каракчылык”.

Курамы бир ай мурда алмашкан Министрлер кабинети быйыл бюджетти 280 миллиард сом менен жаап, кийинки жылы 400 миллиард сомго көбөйтө турганын жарыялаган. Акылбек Жапаров бюджетти толтуруунун негизги булагы катары көмүскө экономикадагы каражатты алып чыгып, бажы менен салыктан көбүрөөк акча чогултууну атаган.

Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдразаков өкмөттүн бюжетти толтуруу аракетин сындады.

Эркин Абдразаков
Эркин Абдразаков

“Кыргызстанда өндүрүш тармагы жакшы эмес болбогондуктан, азыркы бийлик макроэкономиканы жакшыртуу үчүн мыйзамга каршы келбеген иштерди жасап жатат. Ооба, бул кадам менен бюджетке түшчү каражаттын көлөмү көбөйүшү анык. Бирок бийлик эптеп эле акча чогултуунун айласында болсо анда келечекке балта чабат. Мунун механизми так жана туура иштелип чыгышы керек”.

Айдоочулардын такай айтылган нааразылыгы

Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар “бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат” деп, өткөн жылы дагы нааразылыкка чыгышкан.

Былтыр июнда Кытайдан жүк ташыган айдоочулар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына нааразылык билдирип чыккан. Анда 50дөй киши бажы бекетинен оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүдө бирдей мамиле кылууну талап кылышкан. Алар “Эркечтам” бажы бекетинен “Абу-Сахий” аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын даттанган.

Буга чейин бир нече жолу жергиликтүү бийликке кайрылышканын, бирок маселе чечилбегенин да айтылган эле. Ал кезде нааразы тарапты облустук бийликтин өкүлдөрү кабыл алып, маселе каралат деп жооп бергени бар.

"Абу-Сахий" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбеков кыргызстандык айдоочулар коюп жаткан маселе негизсиз экенин, башка ишкерлердин да автоунаалары Кытайга кирип-чыгып жатканын маалымдаган.

Эң коррупциялашкан тармак

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан бир жарым миңдей кишинин жарымы бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан. 2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыккан.

«Миллиондор изи»: Казынага түшпөгөн миллиарддар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG