Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Орусиянын түрмөсүндө отурган америкалык ачкачылык жарыялады


Тревор Рид
Тревор Рид

Орусиянын түрмөсүндө тогуз жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан АКШнын деңиз аскери Тревор Рид ачкачылык жарыялады.

Анын жактоочулары Сергей Никитенков жана Виктория Буклова “Интерфакска” берген малыматтында Рид өз укуктарынын бузулушуна, жалгыз отура турган камерага “мыйзамсыз” которулушуна каршы чыгып төрт күн мурда ачкачылык жарыялаганын айтышты.

Орусиянын Жаза аткаруу кызматы (ФСИН) Риддин жактоочуларынын маалыматын төгүндөп, ал тамак-аш жеп жатканын билдиришти.

Рид Москвадан 350 чакырым аралыкта жайгашкан Орусиянын шарты эң катаал түрмөлөрүнүн биринде камакта отурат.

Теги техастык Тревор Рид 2019-жылы Орусиянын эки полиция кызматкерине кол көтөрдү деген айып менен 2020-жылы камакка алынган. АКШ өкмөтү жана Рид айыптоолорду четке кагып, соттук териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүнөн шек санашат.

XS
SM
MD
LG