Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Ооганстандык учкучтар жана жарандар Тажикстандан чыгып кетти


Дүйшөмбү шаарындагы аэропорттогу ооган учкучтары. 8-ноябрь, 2021-жыл.
Дүйшөмбү шаарындагы аэропорттогу ооган учкучтары. 8-ноябрь, 2021-жыл.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы аэропорттон АКШда окуп келген ооган учкучтарын жана башка ооган качкындарын ташыган учак учуп кетти.

Мурдараак АКШнын Тажикстандагы элчилиги 191 эвакуацияланган оогандыктар, анын ичинде 143 учкуч Борбор Азия өлкөсүнөн чыгып кетүүгө камданып жатканын билдирген.

Элчиликтин өкүлү “Азаттыкка” билдиргендей, топ АКШга иммиграциялык укуктар берилгенге чейин үчүнчү өлкөгө жөнөтүлөт. Учак Дүйшөмбүдөн 10-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:30да учуп кеткен.

Учкучтардын арасында эки аял бар, алардын бири кош бойлуу.

Ооган аба күчтөрүнүн учкучтары августтун орто ченинде Кабулда бийликти талибдер басып алгандан кийин Тажикстанга аскердик учактар менен качып барышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG