Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Норвегияда полицияга кол салган белгисиз адам өлтүрүлдү


Полициянын унаасы. Осло. Иллюстрациялык сүрөт.
Полициянын унаасы. Осло. Иллюстрациялык сүрөт.

Норвегиянын борбору Ослонун Брислетт районунда полицияга бычак менен кол салган белгисиз жаран атып өлтүрүлдү. Ал өзүн токтотууга аракет кылган полисмендердин бирине бычак шилтеп жибергенден кийин ага ок атылган.

Окуянын күбөлөрү маркумдун шымынан башка кийими болбогонун жана ал "Аллах акбар" деп кыйкырганын айтышты.

Жергиликтүү TG басылмасы бычак көтөргөн адам Чеченстандын жараны экенин жазды. Ал 2019-жылы да бычак менен кол салууга айыпталып, психиатриялык дарылоого жиберилгени айтылууда.

Полиция кол салууну теракт деп эсептебейт. Инспектор Эгил Йорген Брекке бул окуяны терактка байланыштырган маалыматтар жок экенин журналисттерге билдирди.

13-октябрда Норвегияны Конгсберг шаарында жаа менен куралданган 37 жаштагы жаран адамдарды аткылаган. Натыйжада беш адам каза болуп, экөө жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG