Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Жапаров бажыдагы саботажды жаңы технология менен жоё турганын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына кенен маек куруп, бажы тармагындагы коррупциялык схемалар жөнүндө суроого дагы жооп берди.

Басылманын журналисти бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө да суроо берген. Жапаров бул тармактагы көйгөй жаңы технология жана кадрлар менен чечиле турганын билдирген.

“Мурда айрым компаниялар, айрым адамдар бажыдан товарларды төмөндөтүлгөн баа менен тариздөө жүргүзүшкөн. Азыр андай болбойт, жүк өткөрүүнү көбөйткөн жөнөкөй эреже болот. Быйыл бажыдан 52 млрд. сомдун тегерегинде акча чогултуу керек болсо, кийинки жылы 100 млрд. сомго көбөйтүү планы бар. Бажы жана салык кызматына жаңы жетекчилер келди, баягыдай бул тармакта “тынч саботаж” жаңы технология жана кадрлар менен жоюлат”, - деди Жапаров.

Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков 26-октябрда дайындалган. Жаңы орун басар болуп Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков бекитилген. Адилет Кубанычбеков буга чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан 1,5 миңдей кишинин жарымы бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG