Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Президент Садыр Жапаров элди вакцина алууга үндөдү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Жапаров эмдөө вирустун жайылышын басаңдатууга жардам берип жатканын белгиледи.

“Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өттү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады”, - деп жазды президент.

10-ноябрда Кыргызстанда вирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө инфекция жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2694кө жетти. Акыркы бир суткада 46 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды.

Былтыркы жылдын март айынан бери коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 982 адамга жетти. Ушул тапта ооруканада 583 киши жатса, 778 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавируска каршы 1 миллион 810 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG