Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

БШК Мунарбек Сайпидиновду партиянын тизмесинен чыгарды


Мунарбек Сайпидинов.
Мунарбек Сайпидинов.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Азаттык" саясий партиясынын талапкери Мунарбек Сайпидинов шайлоого катышуудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сайпидиновдун арызын 9-ноябрда карап, тизмеден чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Мунарбек Сайпидиновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармаган. УКМКнын маалыматында, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алганы кабарланган.

Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн. 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Сайпидиновго карата козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келген. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG