Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны төмөндөп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2694кө жетти. Акыркы бир суткада 46 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда. Ош шаарында, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 28
  • Чүй облусу – 2
  • Ош облусу – 1
  • Нарын облусу - 5
  • Ысык-Көл облусу – 10

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 982 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 583 адам, 778 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 810 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG