Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Депутат айрым аймактарда бензин 85 сомдон сатылып жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаты Айсулуу Мамашева өлкөдө күйүүчү май, көмүр кымбаттап, электр энергиясына чектөөлөр жарандарга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, бийликти сындады. Мамашева мындай пикирин 10-ноябрдагы парламент жыйынында билдирди.

“Кээ бир аймактарда бензиндин баасы 85 сомго жетти. Ал сырттан келгендиктен “эч нерсе кыла албайбыз” дедиңер. Бирок өкмөт көмүрдүн баасын түшүрөбүз деп айткан. Бүгүнкү күнгө чейин баа арзандабай жатат. Өзүбүз өндүргөн көмүрдүн баасын эмнеге түшүрө албай жатабыз? Электр энергиясы боюнча үч фазаны кыркып кетип, жарандар чай кайнатып иче албай калды”, - деди депутат.

Буга чейин Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Жоодар Атантай уулу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензин 75-77 сомдон сатылып жатканын айткан. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу 21-октябрда “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү орточо баалар бензиндин А-95 үлгүсүнө 61,51 сом, А-92 үлгүсүнө 56,96 сом, А-80 үлгүсүнө 54,24 сом, дизел отунга 51,69 сомдон болуп жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында көмүрдүн орточо баасы бир ай мурдагыга караганда 10,4% кымбаттады. Учурда бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 720 сом турат. 4-октябрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 181 сом болчу. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 18,8% кымбаттады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG