Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Беларус-Польша чек арасында сириялык мигранттын сөөгү табылды


Польша-Беларус чек арасы. 9-ноябрь, 2021-жыл
Польша-Беларус чек арасы. 9-ноябрь, 2021-жыл

Ишембиде Польша полициясы Беларус менен чек арадагы токойдон 20 жаштагы сириялык мигранттын сөөгү табылганын, өлүмдүн себептерин иликтөө үчүн экспертиза дайындалганын Twitter баракчасына жазды. Ушуну менен Беларус-Польша чек арасында миграция кризиси башталгандан бери кеминде тогуз киши каза болгонун "Азаттыктын" Беларус кызматы кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунда Батыш өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштан келген миңдеген киши Беларус менен Польшанын чек арасына топтолуп калганы үчүн беларус бийлигин айыптаган. Евробиримдик муну Александр Лукашенконун авторитардык бийлигинин Брюсселдин санкциясына жообу катары эсептейт.

Ал тапта Беларус-Польша чек арасындагы топтолгон мигранттар үчүн гуманитардык жардамдар жеткирилип, чатырлар жана электр генераторлору орнотулуп жатканы кабарланды.

Евробиримдиктин лидерлери Минскини “гибриддик согуш” тактикасы үчүн айыптап, ал согуш жүрүп жаткан жана жакыр өлкөлөрдөн келген мигранттарды азгырып, чек араны көздөй түртүп жатканын билдирүүдө.

Бир катар авиакомпаниялар 12-ноябрда мигранттардын агымын токтотуу үчүн аба каттамдарын чектей турганын жарыялаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG