Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Күйүүчү май дагы кымбаттайт


Кыргызстандагы күйүүчү май куючу бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күйүүчү май куючу бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92-үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизель майы 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылды.

Бензин Баткенде 65, Чаткалда 75 сомдон сатылууда

Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 56-57 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда алдаганча кымбаттады. Кээ бир жерлерден күйүүчү-майлоочу май саткан бекеттердин жабык турганын көрүүгө болот. Мисалы, Баткен шаарында Аи-92 бензини 65 сомдон, дизель 56 сомдон сатылып жатат. Баткенде такси айдаган Дастандын айтымында, баа соңку бир аптанын ичинде көтөрүлүп кетти.

“Баткендеги май куючу жайларда бензин тартыш деп айтууга болбойт. Болгону баасы кымбат болуп жатат. Ушу кантип болсун? Мындан улам көчөдө машине айдагандар кадимкидей азайды. Шаардагы таксинин тарифи көтөрүлдү. Буга байланыштуу кардарлардын саны суюла түштү. Эми бензин менен чогуу башка товарлар да кымбатташы мүмкүн”.

Ал эми Баткендин эң алыскы району Лейлектеги Максат, Арка айылдарында бензин 67-68 сомго бааланып турат. Кыргызстан боюнча эң кымбат баа Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда байкалат. Ал жерде бир литр бензин 72-76 сомдон сатылууда.

Чаткал районундагы май куючу бекеттердин биринен тартылган сүрөт.
Чаткал районундагы май куючу бекеттердин биринен тартылган сүрөт.

Алыскы аймактардагы баанын кымбаттыгы жолдун алыстыгы менен, ал эми Кыргызстандагы кымбатчылык дүйнөлүк тенденция менен түшүндүрүлүп жатат.

Башка өлкөгө байланган баа

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, жыл башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 300 доллардан алып турушса, азыр 790 доллардан сатып алууда. Ал эми дизель мурда 350-360 доллар болсо, азыр 800 доллардан ашкан. Эшатовдун эсеби боюнча, Аи-92 бензининин Кыргызстанга келгендеги баасы 63,7 сомго, дизель майыныкы болсо 65,5 сомго айланууда. Ошол эле тапта май куючу бекеттерде Аи-92 маркадагы бензин 56,4 сомго, дизель болсо 53 сомдун айланасында сатылып жатат.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов азыркы учурда баа жасалма жол менен арзан кармалып турганын айтат.

Канат Эшатов
Канат Эшатов

“Бүгүнкү күндө Аи-92 бензини 65 сомго, дизель болсо 66 сомго сатылышы керек эле. Бул тармакта иштеген компаниялар ар бир литрден чыгым тартып жатат. Мунун айынан майда компаниялар жабылууда. Ири компаниялар Кыргызстан ичиндеги дүң сооданы токтотуп койду. Өзүлөрүнүн кампасын толтуруп жатышат. Май ташыгандар ортодогу чыгымды буга чейин арзан алынган күйүүчү-майлоочу майлардын запасы менен толтурууда. Биз бааны ашып кетсе 10 күн кармап турсак болот. Андан кийин баа кымбаттайт. Өзгөчө дизель боюнча маселе бар. Анткени, Казакстан Орусиядан айына 150 миң тонна дизель сатып алууда. Бул атаандаштыкты күчөттү”.

Күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы дүйнөдөгү тенденцияга байланыштуу. 2020-жылы пандемиядан улам дүйнөдө мунайга болгон баа кыйла төмөндөп, аны өндүргөн мамлекеттер чоң зыян тартышкан.

Жыйынтыгында мунай өндүрүүнүн көлөмү кыскарып, бирок, ошол эле учурда баасы кымбаттап кеткен. Бир жыл мурун ушул маалда мунайдын бир баррели 42 доллар болуп турса, азыр 82 долларга бааланып жатат. Кыргызстан күйүүчү майлардын дээрлик 95% сырттан, тагырагы, Орусиядан алып келет. Казакстанда мунайзаттарын экспорттоого тыюу салынган, ал эми Түркмөнстандан ташуу пайдалуу эместиги айтылат.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков баа кескин эмес, акырындык менен кымбаттай турганын айтып жатат.

Кеңешбай Тайлаков
Кеңешбай Тайлаков

“Алдыда мунайзатка болгон баа акырындык менен өсөт. Бирок, дароо эле 10-20 сомго кымбаттап кетет деген туура эмес. Биз азыр башка мамлекеттерге салыштырмалуу бааны кармап турабыз. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы сентябрдан бери эле 15-20 сомго көтөрө турганын айтып жатат. Бирок баа кармалып турат го. Бул жерде биздин салым бар. Май ташыган компаниялардын ар бир литрден чыгым тартып атабыз дегени туура эмес. Анткени алар чыгымга эч качан иштебейт. Алар азыр жоготкон каражатты баа турукташа турган кийинки айда толуктап алса болот. Мындан тышкары алардын кампаларындагы мурдагы баа менен келген күйүүчү-майлоочу май дагы бар да”.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы Министрлер кабинетине кайрылып, акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелди импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну суранып жатышат. Алар ушундай жол менен баанын кескин өсүшүн токтотуп турса болот дешет.

Кыргызстанда учурда акциздик салык бензиндин бир тоннасына 10 миң сомго чейин, дизелдин бир тоннасына 2 миң сомго чейин коюлган.

Өлкөнүн күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Эгерде өкмөт нефтетрейдерлерге жеңилдик берсе, анда миллиондогон каражаттардан баш тартышы керек болот.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев бул маселе боюнча кыска жооп берди.

Бекболот Алиев
Бекболот Алиев

“Бул маселе боюнча бир сыйра талкуу жүргүзгөнбүз. Азырынча жеңилдиктерди берүү боюнча чечимдер жок. Анын үстүнө салыктарды алган менен Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы “бааны ушул бойдон кармайбыз” деп кепилдик бере албай жатат да. Баанын түшө турганын да айта албайт. Анткени 90% сырттан келет да. Орусияда кымбаттаса бизде да ошондой болот. Биз абалды көзөмөлдөп турабыз”.

Президенттик администрациянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бийлиги күйүүчү-майлоочу майлардын баасын туруктуу кармоо механизмдерин караштырып жатканын 22-октябрда Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан.

Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов бензиндин баасы башка азык-түлүктөргө да таасир эте турганын айтып жатат.

Кубанычбек Идинов
Кубанычбек Идинов

"Бир жылдын ичинде бензиндин баасы 1,5 эсеге өсүп кетти. Бензин менен чогуу Кыргызстанга машине менен ташылып келе турган азык-түлүк да кымбаттап жатат. Анткени анын баасына кеткен чыгымдар кошулат да. Бишкектин өзүндө болсо жол кире кымбаттады. Бензиндин наркы алыскы аймактардагы кымбатчылыкка дагы салымын кошот. Бирок биз буга эч таасир эте албайбыз. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) мунайды аз өндүрүп, ошол эле учурда бааны көтөрүп койду. Кымбат баанын пайдасын дагы унутпайлы. Эгер машине азайса экология эс ала түшөт. Эл электр кубаты же газ менен жүргөн машинелерге өтө баштайт".

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде "Газпромнефтт-Азия", "Бишкек петрелеум", "Роснефть", “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импорттоочулар болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Күйүүчү-майлоочу майынын ЕАЭБге мүчө жана кошуна өлкөлөрдөгү баасы. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтынан алынды. Анда 10-ноябрга карата баалар жазылган.
Күйүүчү-майлоочу майынын ЕАЭБге мүчө жана кошуна өлкөлөрдөгү баасы. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтынан алынды. Анда 10-ноябрга карата баалар жазылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG