Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Германияда коронавирус жугузуп алгандар жогорку чекке жетти


Германиянын канцлери Ангела Меркел.
Германиянын канцлери Ангела Меркел.

Немис бийлиги өлкөдө коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүп жатканына байланыштуу чукул кадамдарга даярданууда.

«Немис толкуну» радиосу 14-ноябрда билдиргендей, бийлик толуп калган жана ооруларды кабыл алууга жетишпей жаткан ооруканаларга жардам берүү үчүн 12 миңдей аскерди тез арада мобилизациялоону көздөп жатат.

Аскерлер бустердик эмдөө жүргүзүүгө, карылар үйлөрүндө, ооруканаларда экспрес-тесттерди алууга көмөктөшөт.

Канцлер Ангела Меркел мекендештерин вакцина алууга чакырып, коронавирустун төртүнчү толкунун токтотуу үчүн көрүлүп жаткан жалпы улуттук аракеттер тууралуу жарыялады. Ал өлкөнү оор жумалар күтүп турганын эскертти, эмдөөдөн баш тарткандарды жакшылап ойлонууга чакырды.

13-ноябрда Германияда эмдөө башталгандан бери вируска чалдыккан эң көп учур (бир күндө 50 миңден ашык адам) катталды. Оору жугузгандар жана андан өлгөндөр октябрдын ортосунан бери көбөйүүдө. Буга эмдөөнүн төмөндүгү себеп экени айтылып келет. Өлкөдө акыркы маалыматтарга караганда, калктын 67% гана эмделди.

Европа азыр коронавирус пандемиясынын чок ортосунда турат. Аймактагы бир нече мамлекет кайрадан чектөөлөргө кайтты.

Италия менен Нидерландда миңдеген кишилер акцияга чыгышып, коронавирусту ооздуктоо үчүн киргизилген чараларга нааразылык билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG