Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Ала-Бука: Кыргыз-өзбек чек арасында эскертүү иретинде ок атылды


Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасы. Жалал-абад облусу. 15-январь 2015-жыл
Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасы. Жалал-абад облусу. 15-январь 2015-жыл

14-ноябрда аткезчилер менен чыр-чатак учурунда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары эскертүү иретинде ок атууга аргасыз болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдалды.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жерлигинде Ак-Дөбө айылынын элүү чакты тургуну Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылып жатышканда токтотулган.

Чек арачылардын мал айдап өтүүнү токтотуу талабына алар баш ийген эмес. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде үч жолу ок чыгарышкан.

Окуя болгон жерге Ала-Бука чек ара отрядынын командири жана Аксы райондук ички иштери бөлүмүнүн кызматкерлери келип Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин топтолгондор тарап кетишкен.

Өзбекстан окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG