Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Президент Жапаров добуш саткандар жана сатып алгандар жазаланарын билдирди


Садып Жапаров
Садып Жапаров

Президент Садыр Жапаров өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирүү таратып, добуш сатып алгандар жана өз добушун саткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертти.

“Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин”, -деп жазылган кайрылууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Бул ирет парламентке келүү үчүн 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда.

Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG