Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Акыйкатчы институту абактагы Жеңиш Молдокматовдон кабар алды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагында отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдон кабар алышты. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Молдокматов күч түзүмдөрү үй-бүлөсүнүн телефондорун тыңшап жатканын, бул конституциялык укукту бузуу болуп саналарын билдирген. Ошондой эле жашы жете элек эки баласы болгонун эске алып бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн сот органдарына кайрылып, жардам берүүнү Акыйкатчы институтунан суранган. Бөгөт чарасына байланыштуу декабрь айына белгиленген сот отурумуна мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүнгөн.

Укук коргоо органдары Акыйкатчы институнун Молдокматов тууралуу билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Октябрь окуялары боюнча абакта отурган Жеңиш Молдокматов жубайынын жана 11 жаштагы кызынын телефону тыңшоого алынганын 2-ноябрдагы сот отурумунда да айтып чыккан.

Мунун алдында тарапташтары ага абакта басым болуп жатканын билдиришкен. Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна Молдокматовдон кабар алуу өтүнүчү менен кайрылмай болушкан. ЖАМК абакта басым болгону тууралуу маалыматтарды четке каккан.

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ушул жылдын 6-майында камакка алынган. Ал муну саясий куугунтук деп атап келет.

Ички иштер министрлиги саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылганын билдирген. Кийин бул берене өзгөртүлүп, "Октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине менен камалган. Ачкачылык кармап токтоткон Молдокматов ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG