Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Кара-Суу районундагы жол кырсыгы жети кишинин өмүрүн алды


Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгы.
Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгы.

Бишкек-Ош автожолунда жол кырсыгы катталып, жети адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 16-ноябрда кабарлады.

Кырсык Бишкек-Ош жолунун 661-чакырымында, Кара-Суу районунда болгон. "Камаз", Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia автоунаалары кагышкан. Каза тапкандардын үчөө эркек, төртөө аял. Дагы алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, үч бала балдар ооруканасына жаткырылды.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип, каза тапкандардын жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.

Ички иштер министрлигинин октябрдын башындагы маалыматында, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG