Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Жалал-Абадда кичи автобустардын айдоочулары нааразылык билдиришти


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, коомдук транспорттун жол кире маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында бааны мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго көтөрүү сунушу колдоо тапты. Буга күйүүчү майдын жана автоунаа тетиктеринин баасы кымбаттаганы негиз болгону айтылды.

15-ноябрдын кечинде бул бааларга нааразы болгон айдоочулар пикетке чыгышты. Алар окуучулар менен пенсионерлер үчүн жол кирени 10 сомго көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Жергиликтүү бийлик айдоочулар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жалал-Абад шаарында кичи автобустар мектеп окуучулары үчүн 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон жол кире алып келет. Ушул күндөрү шаарда 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG