Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Ливерпулдагы жардыруу теракт катары иликтенүүдө


Ливерпулдагы жардыруу. 14-ноябрь 2021-жыл
Ливерпулдагы жардыруу. 14-ноябрь 2021-жыл

Британ полициясы Ливерпулдагы жардырууну теракт катары иликтеп жатат. Жекшембиде гинекология клиникасынын жанында такси жарылганда, анда отурган киши жан берген, айдоочу жарат алган.

Түндүк Англиянын терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Русс Жэксон 15-ноябрда билдиргендей, машинедеги жүргүнчү алып бараткан колго жасалган жабдуу жарылган. Окуяга байланыштуу 4 киши кармалды.

Ливерпулдун бийлиги жана премьер-министр Борис Жонсон айдоочу жардыргыч затты байкап калып, таксиден чыга качкан, жүргүнчүнү болсо бекитип койгон деп билдиришти. Бирок кийин пайда болгон видеодон ал жардыруудан кийин дароо машинеден чыгып үлгүргөнү көрүнүп турат.

Жэксондун айтымында, жүргүнчү айдоочуга аны клиникага жеткирүүнү сураган. Бирок эмне үчүн ал жакка барууну көздөгөнү жана бомба эмне себептен жарылганы аныктала элек.

Версиялардын бирине караганда, теракттын ыктымал аткаруучусу бомбаны чиркөөнүн жанында жардырууну көздөгөн. Ал маалда согуштарда курман болгон аскрелерди эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан. Бирок такси чиркөөгө жакындай алган эмес. Тергөө уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG