Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Иранга барат


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси. Вена, 13-сентябрь 2021-жыл
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси. Вена, 13-сентябрь 2021-жыл

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы жакында Иранга баруу тууралуу чакыруу алды. Ислам жумуриятынын Тышкы иштер министрлиги 15-ноябрда билдиргендей, Рафаэл Гроссинин визитинин датасы сунуш кылынды, азыр Тегеран жоопту күтүп жатат. Жетекчи Ирандын тышкы иштер министри Хоссейин Амир-Абдолахиан жана атомдук энергетика тармагынын башчысы менен жолугушмакчы.

Өткөн жумада Гросси Иран өкмөтү менен байланыштардын жоктугун сындап, “талкуулана турган тизме узун” деп айткан. Акыркы жолу Тегеранга сентябрда барган Гросси жаңы сапар МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин 22-ноябрдагы жыйынына чейин ишке ашат деген үмүтүн билдирген.

29-ноябрда болсо Вена шаарында мындан алты жыл мурун жетишилген келишимди калыбына келтирүү боюнча Иран менен дүйнөлүк державалар ортосундагы сүйлөшүүлөр жанданат деп күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөр июнда Ирандагы президенттик шайлоону эскичил саясатчы Ибрахим Раиси жеңгенден кийин токтоп калган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран алардын программасы тынчтык максатты гана көздөрүн билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG