Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Балдар арасында сасык тумоо менен пневмония көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, курч респиратордук инфекциялар (ОРВИ) менен катталгандардын саны август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн. Сасык тумоо менен катталган бейтаптардын эң көбү чоңдор жана балдар арасында жана Бишкек шаарына (ооругандардын жалпы санынын 41% ашыгы) туура келет. Кийинки орунда Чүй облусу (25% жакыны) менен Ысык-Көл облусу (13% ашыгы) турат.

Октябрь айында сентябрь айына салыштырганда 2,3 эсеге, августка салыштырганда 2,6 эсеге көбөйдү.

Курч респиратордук инфекциялар менен ооруган балдардын жалпы санында эң көп үлүшү жаңы төрөлгөндөн 14 жашка чейинки курактагылар арасында байкалган. Алардын негизги бөлүгү Бишкек шаарына (36%), Чүй (25%) жана Ысык-Көл облустарына (14%) туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Улуттук статистика комитети билдирди.

Ушул эле күнү Бишкек мэриясы дагы соңку кырдаал боюнча маалымат таратып, сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдардын саны өскөнүн кабарлады. Расмий маалыматка караганда, үй-бүлөлүк медицина борборлору орто эсеп менен күнүнө 200дөн 500гө чейин балдарды кабыл алууда.

Дем алыш күнү шаардагы балдар ооруканасына 1370 бала кайрылып, 102си жаткырылган. Алардын 39у сасык тумоо болсо, дагы ушунчасынын өпкөсү кагынган.

Балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн Бишкектеги бейтапканалар (поликлиника) дем алыш күндөрү да иштей баштаган. Мэриядан кабарлашкандай, медициналык кароо жүргүзгөн мекемелер ишемби, жекшемби эс алууда болгондуктан, балдар ооруканаларына кайрылгандар көбөйүп кеткен.

Ушундан улам шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ишемби күндөрү 08:00-18:00гө чейин, жекшембиде 08:00-14:00гө чейин бейтапканалардын дарыгерлерине иштөө буйругун чыгарган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG