Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Садыр Жапаров: ЖЭБ-2нин жанындагы тилкелер жакында мыйзамдаштырылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакынкы убакта Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу тийиштүү мекемелерге тапшырма берилгенин президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты.

Президент алар менен быйыл августта жолукканда трансформациялоо, социалдык объектилерди куруу жана башка көйгөйлөр көтөрүлгөн.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», - деди Жапаров.

Ошондой эле ЖЭБ-2нин жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылганы айтылды.

Жапаров конуштун тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин айтып, ошону менен бирге мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

«Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, аны мыйзам бузгандыгы үчүн дароо кармашат», - деди президент.

"Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам быйыл 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG