Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

Шайлоо: Сузактагы талашта президенттин аты аталды


Бишкек. Добуш сатпоого жана сатып албоого чакырган баннер.
Бишкек. Добуш сатпоого жана сатып албоого чакырган баннер.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров милицияга "Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбековго каршы арыз жолдоду. Анда аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын жазган.

Анын алдында бир мандаттуу №13 Сузак округунан парламент депутаттыгына талапкер Юлия Лилиенталь дагы Умарбеков үгүт учурунда Садыр Жапаровдун атын атаганын белгилеп, президент менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. Умарбеков болсо дооматты четке кагып жатат.

Садыр Жапаров бийлик таза шайлоо өткөрөрүн, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын айтып келет.


Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, ага талапкер Шерзодбек Умарбеков өзүнүн иниси, Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Бекзод Абдурашидовго байланыштуу чалган. Ушул күндөрү Сузактагы айрым депутаттар айыл өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө тууралуу кол топтой баштаган.

"Ал мага чалып, "инимдин бир тал чачы түшсө мындай кылам, андай кылам" деп түз опузалаган жок, бирок депутаттарды айтты. Депутаттар анын инисине ишеним көрсөтпөө тууралуу кол топтоп жүрүптүр. Агасы "Ишеним" партиясынан талапкерлигин койгон. Мага ал "вотсаптан" чалыптыр. "Биз ажонун көзөмөлүндөбүз, инимди ажо көзөмөлдөйт, ал-бул" дейт. Мен ага "сен ажону кошпой сүйлө, ажо өзү эч кандай партияны, дагы башканы колдобойм деп жатпайбы" деп айттым. Мен милицияга кайрылып "ажонун атын атап, анын көзөмөлүндө деп айтып жүрөт, териштиргилечи" дедим. Мен райондун жетекчиси болом, мага чалып ушундай кылып жатат, териштирип бергиле дедим. Биз абдан этият болуп, шайлоону этият өткөрөлү деп, элге президенттин жарлыгын тааныштырып жатканда талапкерлерден андай нерсе чыкпашы керек эле. Координациялык топ бар, ошолор балким эскертүү, же сөгүш береби, айтор карашат да. Мен ротация менен Таластан бул жакка май айында келдим. Булардын таржымалын эми билип келе жатам. Чоң район, 308 миң адам жашайт. Эл да, көйгөй да көп. Ар ким чалып алып эле "мен тигил жактанмын, мен бул жактанмын" дей беришсе кантип иштейбиз?".

Сузак райондук милициясы бул арызды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нурдин Жээнтаев билдирди.

"Анын арызы Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин №355 беренеси, башкача айтканда, "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды, териштирүү жүрүп жатат".


Шерзодбек Умарбеков акимге чалганын бышыктады, бирок анда президенттин атын атап "опузалаган" деген дооматты четке какты. Ал инисине байланыштуу талаш-тартыш тууралуу кеңири комментарий берүү жөнүндө убада бергени менен кийин чалганыбызда телефонун такыр көтөргөн жок.

"Мунун баары жалган. Мындай сөз болгон эмес, ал жерге саясат аралашкан эмес. Мен бул киши (аким-ред.)менен байланышым бар. Жакшы тыгыз мамиледе элек. Жаңы келгенден кийин райондун туруктуулугу үчүн жакшы кеңештерди берип жаткан. Мен чалып, башка темада сүйлөшкөнбүз. Бул жерде саясат тууралуу сөз болгон эмес. Иним Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы. Мен азыр машинада кетип бара жатам. Сизге чалып кеңири айтып берем".

Мунун алдында №13 бир мандаттуу Сузак районунан депутаттыкка талапкер Юлия Лилиенталь Садыр Жапаров менен БШКга Шерзодбек Умарбековго байланыштуу кайрылган. Анда аталган талапкер административдик ресурс колдонуп жатканын, бир катар депутаттар менен айыл өкмөт башчысы анын үгүт иштерине ачык аралашып жүргөнүн айтып, сүрөттөрдү жарыялаган. Ошондой эле, Лилиенталь дагы Умарбеков үгүт өнөктүгү маалында Садыр Жапаровдун колдоосу тууралуу маалымат таратып жүргөнүн билдирген.

"Шерзод Умарбеков Сузактагы мечиттерди кыдырып, жеке өзүнө партиялык билетти өлкө башчысы, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген деген маалымат таратып жүрөт. Ошондой эле, Садыр Жапаров ошол Шерзод Умарбеков Сузак районунан талапкер болушун каалай турганын айтып жүрөт. Биз Садыр Жапаровдон бул канчалык чын экени тууралуу жооп алабыз деп үмүттөнөбүз. Шерзод Умарбеков Садыр Жапаров президенттикке талапкер болгондо анын өкүлү болгон. Садыр Нургожоевич өз сөзүнө тура алабы, же жокпу, ушул жагы кызык. Айыл өкмөт башчысын, депутаттарды жана "Ишеним" партиясындагы №23 талапкерди четтете алабы? Же адаттагыдай эле Кыргызстанда кош стандарттуулук иштейби, мыйзам баарына бирдей эмеспи? Биз Борбордук шайлоо комиссиясы менен Садыр Нургожоевичтин жообун күтөбүз",-деген Лилиенталь.


Садыр Жапаров менен анын администрациясы бул кайрылууга байланыштуу комментарий берген эмес.

БШК бул арызды Ички иштер министрлигине өткөрүп берген. Милиция аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 87-берене, тактап айтканда, "административдик ресурсту кыянат пайдалануу" менен каттаган.

БШКнын сайтындагы даттануулар жана билдирүүлөр тууралуу бөлүмүндөгү маалыматка ылайык, бул арызга байланыштуу териштирүү аяктаган. Анда Умарбековдун үгүт өнөктүгүнө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышкан эмес деген корутунду чыккан. Ошондой эле, анын 3-ноябрдагы иш-чарасына катышкан депутаттар Умарбековду колдошорун айтышкан. Маалыматта "жазыктын курамы жок болгондуктан ишти териштирүү токтотулганы" көрсөтүлгөн.

Шерзодбек Умарбеков соңку парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышкан.

Садыр Жапаров бийлик бул парламенттик шайлоону ачык, таза өткөрөрүн, административдик ресурс колдонууга жол берилбесин такай айтып келет. Өткөн айда Бишкектеги мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде алардын арасынан кимдир бирөө шайлоодо кайсы бир талапкерге, же партияга иштесе жоопко тартыларын эскерткен.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Менин алдымда шайлоону таза өткөрүү милдети турат. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүбүздү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ага жол бербейбиз. Мындан ары мурдагылардын катасын кайталай бербей, келечек муунга үлгү болгон шайлоону өткөрүп беришибиз керек. Ким кызматта туруп партияга же талапкерге иштесе, кызматтан эле алынып тим болбостон жоопкерчиликке да тартылыш керек".

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шайлоонун үгүт иштеринде мыйзам бузуу фактыларынан улам бир катар жетекчилерди кызматтан алып, айрымдарына сөгүш жарыялаган.

Милиция өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 128 факты катталганын билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет парламентке келүү үчүн 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 298 талапкер ат салышууда.

Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG